www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
“Чек ара маселесинин ушул убакта чейин чечилбегенине эски бийликтер жана ошонун ичинде Адахан Мадумаровдун да күнөөсү бар”, - деди бүгүн, 4-майда NazarNews маалымат агенттигине экс-депутат, Рамазан Дырылдаев.
- Саясатчы Адахан Мадумаров кыргыз-тажик чек арасындагы окуялардын чыгышына “бийликте турган азаматтар” күнөөлүү экендигин билдирди. Бирок, аны чек арада кандуу окуянын чыгышына өзүнүн дагы тийешеси бар, Тажикстан тарапка стратегиялык мааниси өтө чоң участокту берген меморандумга кол койгон дешет. Эгер ошол чын болсо, анын бүгүн акыл айтууга моралдык укугу барбы?
- Ачыгын айтсам, мен азырынча жаңы бийлик тарапта болуп турам. Себеби булар жеп ичип мамлекет, элге зыян келтиргенин байкай элекмин. Чек ара маселесинин ушул убака чейин чечилбегенине эски бийликтер жана ошонун ичинде Адахан Мадумаровдун да күнөөсү бар. Ал госсекретарь болгон, ошондой эле көп жыл депутат болгон. Азыркыдай доомат коюп, сүйлөйт экен бийлик колунда турганда эмне үчүн аракет кылып, чек араны чечкенге аракет кылган эмес. Ташиев менен Жапаров оор учурда келгенине карабай чек ара маселесин чечкенге аракет кылып жатышат. Аларды ошол аракети үчүн күнөөлөбөшүбүз керек.
Анткени, бул согушка тажиктер катуу даярдык менен киришкени көрүнүп эле турбайбы. Алар Кыргызстанга күтүлбөгөн жерден кол салышты. Ал турсун оор куралдарды колдонуп, асмандан тынч жаткан элди учак менен аткылашты. Баарынан кызыгы, бизге орустардын курал-жарактары менен атакага киргени болуп жатат. Таң калыштуусу орус тарап кой деп койгонго жараган жок. Ошондон уламбы айрым маалымат каражаттары муну Путин уюштурду деп жазып жатышат. Мүмкүн чындык бардыр. Шибегени капка ката албайсың. Баары бир мезгили келгенде баары ачыкка чыгат. Тажиктер кол салаардын алдында Путин Рахмон менен сүйлөшкөн. Ошон үчүн Щойгу Душанбеге келет. Бейкүнөө кыргыздар кырылып, кан төгүлүп жатса да бир телефон чалып койгон жок. Ал турсун элге да көңүл айтып койгон жок.
- Путиндин көңүл айтып койбогону кандайдыр бир саясаттын башка багытка бурулганын айгинелейби?
- Албетте кабар берет. Маселе эми мындан ары абалдын кандай нукта болгонунда. Менин жеке пикиримде тажик тарап оңой менен токтобойт. Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев ошону эске алыш керек. Алдыда өтө чоң иштер турат. Оперативдүү каналдардын баарын жолго коюш керек. Маалыматтык согушту жогорку деңгээлге чыгарыш керек. Чалгындоо жана контрчалгындоо кызматын күчтөш керек. ИИМ дагы ыкчам иштеп, наркотрафиктин жолун жаап, коридорун тазалашы керек. Бул иш оңойго турбайт. Бирок, баарын каршылык көрсөткөндөрүнө карабай тазалаш керек.
Шох Искандаров деген уюштурду деп жатышат, аны да изилдеп жоопко тартыш керек. Кыскасы, жабыр тарткандарга жардам көрсөтүү, талкаланган үйлөрдү калыбына келтирүүдөн башка дагы жогоруда айткандай көптөгөн иштер турат. Кыскасы, кыргыз элим жапа тырмак Садыр Жапаров менен Ташиевге жардам бериши керек. Элдин башына ушундай оор сыноо түшүп турганда эл аралык иштерди колго алуу зарыл. Ошондой эле кээ бирөөлөргө ишенип, дос кылганды токтотуш керек. Мына тажик-кыргыз чек арасында тутунган согуштан кимдин кандай экени, ким чыныгы дос экени анык көрүндү. Мындан аркы мамилени мына ушул саясатка ылайыктап жасаш керек.
- Эмне үчүн Путин сыртын салып калды?
- Менин жеке пикиримде Путинге революциялык жол менен келген бийлик жакпайт. Аны мурунку президент Аскар Акаев түз эле айтты го. Кыргызстанда өнөкөт революция, уурулук, элди эзип жеген саясат ушуга алып келди деп. Чынында революцияга Акаев өзү жол ачты эле го. Сыягы, Путин экөө Кыргызстан туура, түз жолго түшкөнүн жактырбай жатышат окшойт. Анын үстүнө Ташиев анын шакиртин ичкен жегенин кустуртуп жатпайбы. Ошон үчүн аларга Садыр Жапаров менен Камчыбек Ташиев эч качан жакпайт. Анткени, Ташиевдин ишин эл көрүп турат. Жаңы бийлик эл менен тыгыз жана ачык айкын иштеп жатат. Алардан жамандык издегендерге булардын аракети жакпай жатат.
Булак: NazarNews.kg