www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Түшүнгөн кишиге Садыр Нургожоевич мамлекетти сактап калды. Анын мамлекетти саздан чыгарам, коррупциялык схемаларды жоготом деген аракети бийликти узурпациялап алды дегенге жатпайт», - деди бүгүн, 12-мартта NazarNews маалымат агенттигине укук коргоочу Качкын Булатов.
- Качкын мырза, Жеңиш Молдокматов кечээ жакында өткөн митингде Садыр Жапаровду бийликти узурпациялап алды деп сотко берүүгө камынып жатышканын кыйытты. Жаңы конституцияда чындап эле бийлик узурпацияланып жатабы?
- Жеңиш Молдокматовдун аракетин мен эмнегедир туура көрбөйм. Буга чейин урунуп, беринип бийликке ыктап жүрдү. Эми радикалдуу оппозициядай таасир калтырууга аракет кыла баштады. Чынында бийликке доомат коёрдо кичине ойлонушса болмок. Анткени, Садыр Жапаровду кантип бийликти узурпация кылып алды деп сотко беришет. Садыр Жапаров шайлоодо көп добушка ээ болуп, анан президент болуп шайланды эле го. Түшүнгөн кишиге Садыр Нургожоевич мамлекетти сактап калды. Анын мамлекетти саздан чыгарам, коррупциялык схемаларды жоготом деген аракети бийликти узурпациялап алды дегенге жатпайт. Молдокматов сотко берген күндө да, андан эч кандай натыйжа чыкпайт. Кыскасы, элди ынандырам деген орунсуз сөздөрүнөн майнап чыкпайт. Эгер Жеңиш Молдокматовдун айткан сөздөрү чын болсо, буга чейин Садыр Жапаров Жетим Тоону сатып жиберет дегени, Кытайлар менен тымызын достошкон жашыруун алакасы бар деген сөздөрү далилденет эле го. Бул сапар деле анын сотко берем деген сөзү да маанисин жоготот.
- Анын Садыр Жапаров убадаларды өз учурунда аткарбай жатат деген дооматтары жөндүү элеби?
- Туура, Садыр Жапаров өз убагында убадаларын аткара албай жатат. Анткени, мурунку президенттердин учурунда коррупппциялык схемалар укмуштуудай өркүндөп, алар менен ажолор өздөрү табакташ болушкан. Ошон үчүн күч органдары, сот тармагы, билим берүү, саламаттыкты сактоо тармактары, Адилет министрлиги да мамлекетти тоноо менен алек болушкан. Ошондой системанын баарын бир заматта кантип жоймок эле. Ал мамлекеттик мафия менен күрөшүп жатат. Кечээ президент болсо, бүгүн эле сындап чыкпай кичине убакыт бериш керек. Азыр Садыр Жапаровду ченебей сындап жаткан Жеңиш Молдокматовду премьер-министр кылган күндө да маселе чечилбейт. Анткени, Молдокматовдун колунан сүйлөгөндөн башка эч нерсе келбейт. Жөн эле сүйлөп, коомдук пикир жаратам менен убара болуп жатат.
- Бирок, анткениңиз менен бир канча депутаттар жана жарандык коомдун өкүлдөрү Конституция күч менен кабыл алынып, референдум мыйзам бузуу жолу менен ишке ашканы жатат деп коңгуроо кагып жатышат го. Алардын айтканына ынансак болобу?
- Садыр Жапаров президент болуп келгени Конституция элге берилди. Коомчулук өзү 2 ай талкуулады. Конституцияны интеллигенция мурунку министр, губернатор, ар кайсы топтор жазып, баары макул болгон варианты парламентке сунушталды. Эми парламент жактырса кабыл алынат деп ойлойм. Кандай Конституция болсо да мыйзам үстөмдүк кылган болсо, жакшы жыйынтык берет. Анткени, Садыр Жапаров бардык жоопкерчиликти мойнуна алам деп жатат. Буларды чындап чыккан оппозиция болгону менен эл аларды кабыл алган жок. Чындап келгенде эл Конституцияга эмес, тамак-ашка болгон баанын жогорулаганына, күйүүчү майга болгон баанын өскөнүнө, курулуш материалдарынын кымбаттап жатканына кабаатырланып жатат. Бийлик тезинен азык түлүккө болгон бааны, дары-дармекке болгон бааны калыбына келтирип, көзөмөлдү күчөтүшү керек.
Булак: NazarNews.kg