www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Чынында Садыр Жапаров күнөөсү жок эле жалган жалаа менен камакта отурган», - деди бүгүн, 12-мартта NazarNews маалымат агенттигине коомдук ишмер Нурлан Мотуев.
- Нурлан мырза, 4 айдан кийин гана Тартип комиссиясы Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиеваны кылмыш жообуна тартууга макулдук берген чечим чыгарды. Эми камалуу кезеги сотторго да жеттиби?
- Гүлбара Калиева күнөөсү болсо, Жогорку сотту жетектегенине карабай жооп бериши керек. Анткени, Жогорку сот да бир топ катачылыктарга жол берген. Тагыраагы, Жогорку сот башында эле туура эмес аракеттерди жасап, бирде «Садыр Жапаров акталды» десе, кайра «толук акталган жок» деген маалыматтарды таратышты. Чынында Садыр Жапаров күнөөсү жок эле жалган жалаа менен камакта отурган. Ошондуктан, анын акталышы же акталбаганы боюнча маселе болбошу керек. Сотторду дагы мыйзамсыз баюу беренеси боюнча соттош керек. Анткени, 2-3 соттун эле 20дан квартирасы бар экени ачыкка чыкты. Чынында 20 миң айлык менен анча квартира сатып алуу мүмкүн эмес да.
- Финполициянын айрым кызматкерлери мамлекеттин эсебинен байыгандарды кустуруп, түшкөн каражатты өз кызыкчылыгына пайдалана баштаганы ачыкка чыкты. Баары ачык, айкын болуш үчүн эмне кылышыбыз керек?
- Бишкектеги Финполициянын башчысы ири суммадагы каражатты сыртка чыгарып кеткендерге жардам берип, андан миллиондогон доллар үлүш алганы ачыкка чыкты. Бишкектин эле финполициясынын башчысы ушинча каражатты сол чөнтөккө салып жатса, кыргыз элинин ырыскысын бажычылар менен ушулар эле жеп жаткан экен да. Ошон үчүн буларды кустуруш керек. Камчыбек Ташиев азамат. Сыймык Жапыкеев өзү да жеп ичкендерге аралашып кетпей өзү да таза турушу керек. Ал турсун коррупционерлерди УКМК иликтеп чыкканга чейин эле өзү да жазалашы керек.
- Айтмакчы, Кыргызстан эркин эмес, мамлекеттердин катарына кирип калдыбы?
- Кыргызстан эркин демократиялуу эле мамлекет. Эмне азыркы бийлик Американын алдында бийлеп турууну каалабаса эле, батышка жүгүнбөсө эле эркиндигин жоготкон мамлекет болуп калабы? Батыштагы мамлекеттер бизди коюп, өздөрүн тескеп алышсынчы. Өздөрү ак кара терилүү болуп кырылышып, аягында негрлердин буттарын жууп жатышат го. Батышта бачабаздыкты, эркек эркекке үйлөнгөндү, аял аял менен турмуш курганды мыйзамдаштырып, гейлер министр болуп жатышат го. Ошон үчүн бизге акыл айтаардан мурун өздөрүндөгү ыпластыктан арылып алсынчы. Биз батышты эч качан укпайбыз. Анткени, түрк дүйнөсүнө, КМШ мамлекеттерине ыктайбыз, мусулманчылыкты бекем карманабыз. Эң чоң таянган нерсебиз асмандагы Алла Таала. Ал болот деген нерсе болот. Болбойт деген нерсе болбойт.
- Баса, Америка неге Камчы Көлбаев тууралуу маалымат айткандарга берилчү каражатты 5 миллионго көбөйттү?
- Камчы Көлбаевге эмнеге асылып жатканын билбейм. Ал туурулуу маалымат айтып баргандарды 5 миллион доллар эмес, 50 млн. доллар берсе деле натыйжа чыкпайт. Ошон үчүн биздин ички ишибизге кийлигишпей өздөрүндөгү маселени чечишсе болмок.
- Эмне үчүн Америка Райымбек Матраимов менен Камчы Көлбаевге өзгөчө маани берип, аларга ачык эле тоскоолдук жарата башташты?
- Экөөнө бирдей тоскоолдук жаратууну көздөп жаткандарына караганда булар кандайдыр бир деңгээлде патриот болушу мүмкүн. Ошон үчүн аларды алсыратуунун аракетин жасап жатышса керек. Негизи Американын Матраимовго асылганы туура эмес. Матраимовду Америка жамандап койсо эле жаман болуп калбайт. Ал элге жардам берген меценат. Бизнесмен жигит.
Илгери ата-бабаларыбыз казакка барып жылкы чаап келгендерди баатыр дечү. Азыр Камчы Көлбаевди кумур туткандар деле көп. Андыктан, биздин баатыр уулдарга Америка асылбай Кыргызстандын ички ишине кийлигишпеши керек.
Булак: NazarNews.kg