www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Товарлардын баасынын жогорулашы ЕАЭБдин ичиндеги көйгөйлөрдөн улам келип чыгууда. Мындай пикирди Жүк ташуучулар ассоциациясынын төрагасы Темирбек Шабданалиев NazarNews маалымат агенттигине кечээ, 12-мартта билдирди.
--“Товарлардын баасынын жогорулашы ЕАЭБдин ичиндеги көйгөйлөрдөн улам келип чыгууда. Анткени Орусиянын товарлары кымбаттап жатат. Ал эми Кытайдын продукциялары мурунку баада. Товарлардын наркынын өсүшүнүн биринчи себеби: сомдун кунунун туруксуздугу. Курсту жогорулатуу үчүн долларларды короткон менен, баары мүмкүнчүлүктөрдү ылдыйлатып жатат. Экинчиден, АКШ менен Орусиянын тирешинен улам мунайзаттын баасы кымбат. Ал эми дүйнөдө арзандап жатат, бул кадам Орусияны кысымга алуу үчүн жасалууда. Айрым соодагерлер абалдан пайдаланып, бааны көтөрүп коюуда. Алсак, кумшекер Кыргызстанда өндүрүлөт, андыктан анын баасынын жогорулашына негиз жок. Ишкерлер аргасыздыктан аткезчиликке барып жатат”, - дейт Шабданалиев.
Булак: NazarNews.kg