www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Ушул жылдын 28-апрелинде прокуратура депутат, экс-вице-премьер министр Аскарбек Шадиевге кылмыш ишин козгоkду. Кылмыш иши Чыңгыз Айтматов атындагы сыйлыкка каралган 30 миң  долларды жеп алды деген кине менен ачылган.

Мындан тышкары, Шадиевге дагы эки кылмыш иши ачылган - бирөө Кылмыш-жаза кодексинин 346-беренеси (Мамлекеттик чек арадан мыйзамсыз өтүү) боюнча болсо, кийинкиси Кылмыш-жаза кодексинин 183-беренеси (Кылмыштуу кирешелерди легалдаштыруу же адалдоо) боюнча козголгон. Шадиевдин көздөй кишиси, ошо кездеги салык кызматынын жетекчиси Замирбек Осмонов менен биргеликте жүздөгөн миллион сомдук каражаттарды мыйзамсыз жолдор менен офшордук зонага чыгарып кетүүгө катыштыгы айтылып келет.

Атайын кызматтар анын 1,2 млрд долларлык байлыгын, ондогон фирмаларын, кымбат баалуу кыймылсыз мүлктөрүн эсептеп чыгышкан. Дагы бир кызыгы, Шадиевдин фирмаларынын эсепчиси ТЭЦти оңдогон чуулуу ТВЕА компаниясынын да эсепчиси болгонун, кытай компаниясы менен Шадиевди (ал аркылуу А.Атамбаев, С.Исаков, И.Илмияновдорду байланыштырган) байланыштырып турган табакташ экендигин депутаттар айтып чыгышкан.

Адистердин айтымында, Шадиев Орусиядан, Кытайдан кирген инвестициялардын бардыгында катышып келген.

Ошол себептен уламбы, айтор А.Атамбаев менен И.Илмияновдун эң жакын адамдарынан, жадагалса "кошелегу" болгон. А бүгүнкү жемкорлорго каршы күрөштүн фонунда биз А.Атамбаевдин да, И.Илмияновдун да, С.Исаковдун да, А.Шадиевдин өзүнүн да жашылбайларды үйүнө карай мүшөктөп ташыган фактыларына күбө болуудабыз.

Аскарбек Шадиевге кылмыш ишин козгоо белгисиз себептерден улам создуктурулуп, ал арада сезгич шылуун бир катар мүлктөрүн сатып же башка бирөөлөргө каттатып кетүүгө үлгүргөнү кабарланган. Төмөндө А.Шадиевдин фирмаларынын кантип саналуу күндөрдүн ичинде биринин артынан бири аныкы болбой калганын жана кылмыш иши козголоордон алдың будамайлоого жанталашкан аракеттерин көрөбүз.

- "Карвен четыре сезона" ЖЧКсы - 11.04.2018-ж. кайра каттоодон өткөн. Аскарбек Шадиевдин жубайы Шадиева Асель Каныбековна учредителдиктен чыгып, анын ордуна кызы Шадиева Саадат Аскарбековна кирген. Фирмага Шадиевдерден тышкары Балян Генрих Григорьевич жана Крыльцов Виктор Александрович аттуу жарандар да тең үлүштө ээлик кылат. Директору Саулин Вячеслав Иванович, ишкана Ысык-Көлдүн Сары-Ойундагы "Карвэн - четыре сезона" элиталык коттедждер шаарчасына ээлик кылат. Г.Баляндын Шадиевдердин эски бизнес-өнөктөшү экенин эске алганда, жогорудгы "орун которуулар" менен "алмай-бермейлер" формалдуулук менен көз будамайлоо гана деп жоромолдоого акыбыз бар.

- "Бината" ЖЧКсы - 20.03.2018-ж. кайра катталган. Кайра каттоого ылайык мурунку түзүүчүлөрүнөн алгач Балян Генрих Григорьевич курамдан чыгып, А.Шадиевге кылмыш иши козголоордон так алдынан жубайлар Шадиева Асель Каныбековна менен Шадиев Аскарбек Алимбаевич да фирманы башка бирөөгө өткөрүп берүүгө мажбур болушкан. Абыкулова Динара Ашымбековна жалгыз учредитель болуп калган, директору Ли Алексей Николаевич. Жаңы шарт боюнча "Бината" Байтик Баатыр көчөсү, 3/2 дарегинен Манас проспекти, 11/1 дарегине көчкөн. Эске салсак, Д.Абыкулова Шадиевдердин мурдатан келаткан ишенимдүү бизнес-өнөктөшү. Демек, Шадиевдер фирмадан алыс кетишкен жок деп ойлосок болот.

- "Карвен групп" ЖЧКсы - 13.04.2018-ж. кайра катталган. Шадиев Аскарбек Алимбаевич түзүүчүлөрдүн курамынан чыгып, фирма эски досу Балян Генрих Григорьевичке ишенип тапшырылган, директору - Балян Самсон Аванесович. Юридикалык дареги Байтик Баатыр көчөсү, 3/2. Муну да жогорудагыдай эле схеманын көчүрмөсү дегенге кантип ооз барбасын?

- "Ларель" ЖЧКсы - 13.04.2018-ж. кайра катталган. Мурунку түзүүчүлөрү Шадиева Асель Каныбековна менен  Балян Лариса Николаевна курамдан чыгып, алардын ордуна Бектемишев Эмил Октябрьевич, Балян Генрих Григорьевич жана Балян Карина Генриховналар жайланышкан. Фирманын юридикалык дареги Байтик Баатыр көчөсү, 3/2 жайгашкан. Бул жерде да Баляндар. Демек, алар Шадиевдердин ишенимине катуу киришкен экен.

- "Трейд инвест" ЖЧКсы - 23.04.2018-ж. кайра катталган. Шадиева Асель Каныбековна фирманын түзүүчүлүгүн Дуплищев Вячеслав Юрьевич аттуу адамга өткөрүп берген. Фирма Манас проспекти 11/1 дарегинен көчүп, Уметалиев көчөсү, 39га жайланышкан.

Булардан тышкары да Шадиевдерге тиешелүү, бирок сатылбай калган фирмалар бар. Эмне себептен сатылбай калганы белгисиз - мүмкүн үлгүрбөй калгандыр, а мүмкүн алардын супарасы куруктур.

- "Континентальтранссервис" ЖЧКсы - 10.04.2009-ж. ишмердигин токтоткон. Түзүүчүлөрү - Шадиев Суханкул Алимбаевич, Шадиев Махамат Алимбаевич, Шадиева Асель Каныбековна болгон.

- "Аква инвест плюс" ЖЧКсы - 12.12.2006-ж. кайра катталган. Түзүүчүлөрү - "Бактуу Долоноту айылындагы өнүгүү" коомдук фонду жана "Аква-Инвест" ЖЧКсы. Имараттарды куруу менен алектенет.

- "Аква инвест" ЖЧКсы - 28.12.2006-ж. кайра катталган. Түзүүчүсү - Шадиева Асель Каныбековна. Имараттарды курат.

- "Союз инвест" ЖЧКсы - 21.07.2016-ж. кайра каттоодон өткөн. Түзүүчүсү - Шадиева Асель Каныбековна, директору Абыкулова Динара Ашымбековна. Курулуш менен алектенет.

- "Аква Сити" ЖЧКсы - 03.01.2005-ж. катталган. Түзүүчүсү Шадиева Асель Каныбековна.

- "Бактуу-Долоноту айылындагы өнүгүү" коомдук фонду - 22.11.2006-ж. катталган. Түзүүчүлөрү - Абыкулова Гульмира Ашымбековна, Джунушов Максат Мурзабекович, Шадиева Асель Каныбековна жана Токтомамбектов Бекбосун Каныметович.

- "Доминанта Консалтинг" ЖЧКсы - 07.03.2008-ж. катталган. Түзүүчүлөрү - Идинова Гульнур Мелисовна, Каракеева Зинаида Курмангалиевна, Патрахина Ирина Александровна жана Шадиева Асель Каныбековна. Директору - Жороев Эркинбек Таирович.

- "ДКТ" ЖЧКсы - 08.04.2002-ж. кайра катталган. Түзүүчүсү - Шадиева Асель Каныбековна.

- "ЭККА" ЖЧКсы - 22.02.2007-ж. катталган. Түзүүчүсү - Шадиева Асель Каныбековна.

- "АДМА" ЖЧКсы - 01.03.2012-ж. ишмердигин токтоткон. Түзүүчүлөрү - Десятников Павел Николаевич, Жунушов Мурзабек Дюшеевич жана Шадиева Асель Каныбековна болгон.

- "Промторгстрой" ЖЧКсы - 25.07.2014-ж. катталган. Түзүүчүлөрү - Карепова Ольга Станиславовна менен Шадиева Асель Каныбековна, директору - Вишнев Алексей Владимирович. Курулуш материалдарын сатуу иштерин жүргүзөт.

- "Датка-Роз" ЖЧКсы - ишмердигин токтоткон. Түзүүчүлөрү - Патрахин Антон Александрович, Патрахина Ирина Александровна, Патрахина Ольга Ивановна, Шадиев Аскарбек Алимбаевич, Акаев Айдар Аскарович жана Ким Илья Алексеевич болгон. Байкабай калгандар үчүн - Айдар Акаев качкын президент Аскар Акаевдин баласы, кыргыз элинин бир кездеги "эрке талтаң уулу".

Булак: NazarNews.kg

Последние новости