www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Президенттин таза кемесине ууруларды жолотпосо Урматтуу Соронбай Шарипович! Сиз өкмөттүк эмес уюмдардын өкүлдөрүнө кайрылып, мамлекеттик орган болобу, өкмөттүк эмес уюм болобу, эмгектенген жерибизге карабай, баарыбыздын теӊ түпкү максатыбыз — өлкөбүздү өнүктүрүү деп, баса белгиледиңиз. Мамлекеттик органдар менен жарандык коомдун ортосунда тыгыз конструктивдүү коммуникация болгондо гана көйгөйлөр так аныкталып, максаттар ачык-айкын болорун ошондой эле өнөктөштүк иштин ийгилигине өбөлгө болоорун белгилединиз. «Баарыбыздын милдетибиз, миссиябыз бир — Кыргызстаныбызды өнүктүрүү, анын эгемендүүлүгүн, азаттыгын, демократия баалуулуктарын, биримдигин, ынтымагын чыңдоо. Улуу залкар жазуучубуз, гуманист-ойчулубуз Чыңгыз Айтматов айткандай  “Баарыбыз бир кемедебиз”. Биздин кемебиз — Кыргызстан», — деп айткан кайрылууң коомду кубантпай койбойт. Мындай уран акыйкатты, мыйзам үстөмдүгүн орнотуу, өнүккөн өлкөнү курууга багытталган кадам болуп саналат. Тогуз Торого баш аламандык уюштургандар кашкайып көрүнүп турса дагы Прокуратура жана күч органы бир дагы кылмышты ачууга аракет көргөн жок десек жаңылбайбыз.

Күч органы жана прокуратура мыйзамдын чегинен чыгып жеке кызыкчылыкка толук өткөнүнө шек жаратпай койбойт. Биз президенттин атына жазган арызымды, админстрация отписка кылып УКМК жиберсе алар арызды жоготуп алып кайра менден арыздын копиясын сурап жатканына таң калтырбай койбойт. Соронбай Шарипович, сиз мыйзам үстөмдүгү үчүн күрөшүп жатсаңыз, күч органы кайра кылмыш ишти текшербей, былгытып жатканын сезе билдинизби. Тогуз-Тородо жаны курулуп жаткан алтын ылгоочу комбинатты бирөөнүн уюштурган провокациянын негизинде өрттөгөн тууралуу, көп жолу ЖМКан макала жазган элек. Бирок тилекке каршы тергөө иши көз боёмо аркылуу бүтүп калды. Оперативтик – тергөө иштери жаап жашыруу менен ишти жүргүзүп тергөөнү кыйратты десек жанылбайбыз. Ушуга чейин уюштурган жана каржылаган адамдардын ысымы аталган жок. Жалалабад ОИИМын тергөө органы болгону өрт койгон он эки адамдын үстүнөн кылмыш иш козгоп бүтүп калды. Башаламандыкка миңге жакын адамдардын катыштыгы бар эле.

Ошол эле убакта уюштурган көзүрлөрү көшөгөнүн артында калды. Алдын ала Сапар Исаковдун өкмөтү жаап жашырып келгенин ачык эле белгилүү эмеспи. Ал эми жаңы өкмөт М. Абылгазиев, эмне үчүн натыйжа бербей жатканы өкүндүрбөй койбойт, болбосо М. Абылгазиев комбинаттын тегерегиндеги провокациянын чоо-жайын эки тарап жагын жакшы билет. Биз укук коргоочулар азырынча бийликти күнөөлөгөндөн алысбыз, бирок прокуратура, ИИМ оперативдик жана тергөө органы өкмөттүн көзүнө чөп салып жатканы ачык айкын көрүнүп турат. Тергөө органы акчага суугарылбаса, тергөө эчакта эле бүтүп, уюштурган, каржылаган адамдардын ысымы эчакта эле ачыкка чыкмак. Чындыкты айта кетишибиз абзель, тергөө органы ИИМин министры жана башкы прокуратурасыз эчтеке кыла алмак эмес «Иттин өлүгү ушу жерде». Комбинат өртөнгөнүнө жети ай толду, ошондон бери биринчи эле кол салганда күч органы бир дагы чара корбөгөндүн кесепетинен, дүрбөлөңчүлөр кайра өрт коюп, эки миллион долларлык ири материалдык зыянга учураткан. Өртөнүп турган комбинат азыр дагы зыянга учурагандын ичинде. Себеби ураган дубалды тургузууга уруксат бербей турганы кызык.

Же чын эле өкмөт бул комбинаттын курулушуна кызыкдар эмеспи. Болбосо жылына он миң тонна алтын концентрат сыртка чыгарылып, Кыргызстанга ири зыян алып келидө. Же лицензияга берген парасына ыраазы болуп билмексенге саласыңарбы. Комбинатка кол салудан кийин, талкалаган дубалдан уурулар пайдаланып, четинен эмерек шаймандарды уурдап жатышат. Анан калса өртөнгөн техника, өртөнгөн имараттын көркү районго жагымсыз негатив таасир берээрин өкмөт билди бекен. Ошол эле Тогуз Торого барган инвестер кандай көңүлдө калат. Курулуп жаткан комбинат өртөлүп жатканын көрүп анан кайсы инвестор келет. Ууру, кески, көз боёмочу эле инвестор келбесе, таза ишкер эч качан тобокелчиликке салып келбейт. Кыргызстанда инвестицияга өтө чоң коркунуч бар экендин далили эмеспи. Өзүбүз кыйратып өртөп жатсак, өкмөт бир чара көрбөй жатса кандай келечек болот. Эгерде өкмөт мындан ары кайдыгерчилдик кылса кандай иш, кайдагы келечектен үмүт кылабыз.

Тышкы карыз кокодон алып жатса, коррупция күч алып жатса, мыйзам үстөмдүгү жокко эсе болуп турганда, биздин келечегибизге, үмүтүбүзгө балта чабылып жатпайбы, же көрмөксөнгө, укмаксанга саласынарбы. Мурунку экс президент Атамбаевдин ашмалтайы чыгып, өзүнө окшогон ууру өкмөттөр түрмөдө жатканы трагедия эмеспи, али дагы ага кошула турган күч органында иштегендер камала тургандай болуп турат. Тарыхта мамлекеттин улуу даражадагы инсандар камалып отурганы, трагедия эмеспи. Кыргыздын менталитин жүзүн көргөзүп отурганы өкүндүрбөй койбойт. Биз инвесторду сыйлоо менен мамиле түзүп, көмөктөшүп, өндүрүштү өнүгүү багытка умтулуубуз зарыл. Чын-чынына келгенде биз инвесторду тоногонго көнүп калдык. Инвесторду пара берүүгө мажбур кылып, пара, уурулук жашобуздун ченеми кылып алганыбызды жат көрүнүш эмеспи. Соронбай Шарипович! Мен укук коргоочу катары сизге кайрылып жатканымдын себеби үмүт үзүлө элек, менин балдарымдын неберелеримдин келечеги үчүн акыйкат үчүн күрөшүп келем. Тогуз Тородогу башаламандыкты тергөө органын текшерип, жаап жашырган прокуратура жана тергөөчүлөрдүн үстүнөн текшерүү уюштуруп аныгына чыгып өз жазасын алууга тийиш. Сиздин аракетиңизге тоскоол кылып жеке кызыкчылыктарын алдыга койгондорго юридикалык баа берилишин күтүүдөбүз.

Ошондо гана бийлик, күч органы ишеничке татымак. Өртөнгөн комбинатын техникалары, имараттары, талкаланган терезе, эшик каалгалар музейный экспонаттан бетер ушу убакытка чейин сакталып турганына зээнди кейитпей койбойт экен. Өкмөттүн кантип бедели чыдап турат, же Тогуз Торонун акими ошо өртөнгөн техниканын фонунда инвесторлорду кабыл алганына таң каласын. Кандайдыр бир кызыкчылыгы бардай, болбосо мындай жат көрүнүштү тазалатпай турганына бир мандем бар. Болбосо келген инвесторлорго Тогуз Торолуктар ушунтип өртөп жиберет деп мактанабы. Өкмөт өзү иш акетин жазап, жабыр таркан «Жи Эл Макмал Девелопинг» ЖЧКга өртөнгөн техниканы тазалатып, ураган дубалды тургуздуруп койсо туура болмок.

Өкмөт жана аким буйрук берсе адамдын ичи жылыйт эле. Кыргызстан эгемендүү болгондон бери коррупциядан айрылбай келе жатат. Сиз ошол шардан менен келе жаткан коррупция менен күрөшүп, ак эмгегиңизди элге арнап, Кыргызстанды гүлдөтөт деген аруу тилегибиз бар. 

Качкынбек Булатов, Укук коргоочу:

Булак: NazarNews.kg

Последние новости