www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Качкынбек Булатов, укук коргоочу: -Качкынбек мырза, Абиль Сегизбаев Атамбаев менен Жээнбековдун тиреши башталганы үчүн кызматынан кеттиби?

-Абдил Сегизбаев кызматтан эчакта эле кетсе  болмок. Анткени, ал Атамбаевдин адамы катары дагы кызматты ээлеп турганга моралдык укугу жок болчу. Бирок, көк беттенип туруп ушу убакытка чейин иштеп келди. Соронбай аны кичине эркелетип дагы анча мынча мактап койсо чыныгы жүзү ачылып, Атамбаевге каршы чыкмак. Өкүнүчтүсу, шашылыш кызматтан алынды, Абдилдин накта саткын жүзүн көрбөй калдык. Абдил Сегизбаев кызмат үчүн Атамбаевдин буюртмасын өтө одоно аткарып, Кыргыздын саясый каймагын мыйзамсыз камаганы үчүн жооп бере турган учур жакын калды. Абдиль Сегизбаев адамдык сапаты дагы тайысдыгы жана коркоктугу менен башкалардан айырмаланып турат. Ошондуктан Атамбаев сыяктуу коркок адамдар акыл калчабай өзүнүн саясатына карама каршы турган саясый инсандарды, кызмат абалын пайдаланып камап салганы акылга сыйбаган иш болду.

Атамбаев сыяктуу булар ушакчы, бет тырмагыч болуп, жумурткадан кыр чыгарып келишти. Кээ бир гезиттерди, журналистерди, эрки жок маданият адамдарды, коомдук жарандарды дежур кылып, саясий залкар адамдарды жамандатып, ат койюп, бийик кызматты элеп туруп жалган жалаа менен алек болушуп, кыргыздын булгады. “Белизгейт” боюнча жана саясый лидерлерди жалган камаганы үчүн албетте керт башы менен жооп берет. Өкүнүчтүүсү Абдил Сегизбаев жоопкерчиликтен качып өлкөдөн чыгып кетти деп угуп жатам.

-Эми кызматтан кеткендердин тизмесин дагы кимдер улашы мүмкүн?

-Атамбаевдин мыйзамсыз буюртмасын аткарган башкы прокурор Индира Жолдубаева, жана ИИМ министры Улан Исраилов дагы тез аранын ичинде кызматтан алынышы керек. Булар дагы юридикалык баа алышы абзель. Башкы прокурор Индира Жолдубаева, жана ИИМ министры Улан Исраилов (Особо опасный) өтө коркунучту кылмышкердин катарына киришет. Ошондуктан буларга кызматтан алардын алдында камакка алынышы керек. Мындан тышкары горизонтто Сапар Исаковдун иши дагы натыйжалуу эмес ишке келгенден бери ызы чудан башы чыкпай келе жатат. Анын үстүнө бир дагы долбору ишке ашкан жок.

Бардык долборлору коррупциянын кулагы чыгып калды. Кээ бир долбоору ири акча урдалганы далилденип калды. Ал эмес Тогуз Тородогу элдик наразычылыкты ушу өкмөт өзу уюштурургандыгы далилденди. Ошондуктан Сапар Исаков да кызматтан кетиши керек.  Аттин ай Атамбаевдин командасы өз ыктыяры менен эчакта эле кетип калса болмок.  Бирок үмүт кылып дагы бийликте отурсам, дагы уурулук кылып алсам деген ниетте  турушту.

-Абдил Сегизбаевдин  ордуна кимди келсе дейсиз?

 Абдил Сегизбаевдин ордуна татыктуу адистер арабызда көп. Менин көз карашыма караганда Улукбек Кочкоров, Марат Иманкулов, Абдымалик Мирзоев, такшалган генерал десе Артур Медетбеков ушулар таза иштеп берет.

-Мурунку жана азыркы президенттердин тирешине анын кадрлары ээрден шыпырыла баштаганы себеп болдубу же Атамбаевдин тымызын башкарам дегениби?

- Президент Соронбай Жээнбеков Атамбаевдин капризине жакшы эле чыдады. Атамбаевди эркелетип Ак шумкар орденин берди Резиденцияга хан сарай курууга дагы макул болду. Бирок алтын балык кармаган абышка сыяктуу ажолукту көшөгө артында мен башкарам дегенге чейин барганы ажырымга алып келди. Мамлекеттин жоопкерчилиги Соронбай Жээнбеков жооп берет. Ошондуктан дос болбошу керек, дос дачадан кулпунай жегенде достошсо болот.

Соронбай Жээнбеков тарыхый себептердин алдында турат. Азыр тез аранын ичинде саясый туткундары камактан бошотушу керек. Прогрессивдүү коомдук жарандар ушуну күтүп жатат. Саясий туткундар мыйзам, тарых алдында акталышы керек. Мындай кадам оор болсо дагы Соронбай Жээнбеков ошого барышы керек. Барбаса анда сынга калып туткундардын убалына калат, иши илгерилебейт.

Чынайым Кутманалиева, NazarNews.kg

Последние новости