www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Өкмөт элдин үнүн укса, өлкө өнүгүүгө багыт алат КРнын Президенти Сооронбай Шарипович Жээнбеков жакында жалпыга маалымдоо каражаттарынын өкүлдөрү менен жолугушуусунда журналисттердин мамлекеттин өнүгүшүнө түрткү бере тургандыгын белгилеп өттү.

Журналисттер мамлекеттеги көйгөйлүү маселелерди көтөрүп чыгып, өкмөткө жана коомчулукка жеткирип, ачыкка чыгарат, ошондуктан, журналист коомдогу болуп жаткан окуяларга өз көз карашын билдирип, олуттуу маселелерди козгоп чыгуу менен мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошот.

Арийне, бийликтин кайсы баскычы болбосун, жалпыга маалымдоо каражаттарына чыккан макалаларга жооп кайтарып, кабыргасынан коюлган маселелерди чечүүсү кажет. Анткени, жалпыга жарыяланган макалада элдин үнү чагылдырылып, тараптардын ой-пикирлери камтылат. Ал эми коомчулуктун ой-пикири, көз карашы менен мамлекеттик бийлик эсептешүүгө тийиш эмеспи. Ошондой эле, ар бир жаран мамлекеттин коопсуздугуна кайдыгер болбой, жергиликтүү бийлик, өкмөт менен алака түзүп, келип чыккан кандай маселе болбосун, бир жеңден кол, бир жакадан баш чыгарып ынтымакта чечүүгө акылуубуз. Бирок, ошондой болсо дагы мындай көрүнүш биздин коомчулукту дайыма орун албай келет.

Тагыраагы, ырайымсыз, кээ бир жеке кызыкчылыгын көздөгөн чиновниктер жемкорлуктун сазына белчесинен батып, жеке мүдөөдөн жогору чыга албай, жалпыныкын уурдап, сол чөнтөгүнө солоо менен шугулданып, пендечиликтен арыла албай келет. Мунун эң эле башкы себеби, көз карандысыз мамлекет болгондон бери башкаруу системасынын бузулуп, бийлик бутактарына өлкөнүн келечегине, анын өнүгүшүнө кайдыгер адамдардын келиши болуп саналат десек жаңылыштык эмес.

Ал эми учурда жарандык коомчулук, укук коргоочулар КРнын азыркы президенти Сооронбай Шариповичке айрым бир алешем иштерге аралашкан аткаминерлердин уурулугунун бетин ачып, жоюу үчүн салымыбызды кошуп, өз аракеттибизди жасап жатабыз.

Сөзүбүз куру болбосун үчүн айта кетсек, Кыргызстан кен байлыкка бай өлкө. Эгемендүүлүккө ээ болгону алтын кенин казып алуу, алтын ылгоо жаатында көп алгылыктуу аракеттер көрүлүп, бул тармактын өнүгүп-өсүшүнө зарыл негиздер бар. Бирок, алтындын ири көлөмүн өндүрсө дагы чет өлкөлүк өндүрүшчүлөр жана жергиликтүү алтын өндүрүшчүлөрү беш манжасына чейин гана эмес, билегине чейин алтын уурулугуна малынып, көпчүлүктү иренжиткен бул терс көрүнүшкө көп жылдардан бери акыркы чекит коюлбай келе жатат.

Элибиз Президент Сооронбай Шариповичтен бул тармакка өз көз кырын салып, коррупция менен кармашканга эрки жетет деп үмүт артып, ишеним кылууда. «Макмалалтын» комбинатында көп жылдардан берки көкөй кескен уурулук фактылары жөнүндө бир далай макалаларды жазып, айтып келдим.

Жакында эле дал ошол алтын ылгоочу «Макмалалтын» комбинатында кезектеги чыр чыгып, алтын ылгоо фабрикасынын башчысы Исмаилов Алмаз өз уурулугунун бетин өзү ашкереледи. Уюшулган коррупциянын бетин ачып берген Исмаилов Алмазга «Кыргызалтын» ААКнын жетекчиси А.Алимбеков ыраазычылык айткандын ордуна куугунтуктап, кайрадан кысмакка алып баштады. 2018-жылдын 7-мартында А.Исмаилов фабрикага “обход” кылуу үчүн кирип баратса, күзөтчү: “Сени киргизбе” деп күзөт башчысы Каныметов Нурдин буйрук берген” деп, фабрикага киргизбей койгон.

Эртеси 2018-жылдын 8-март күнү А.Исмаилов фабриканын ичин тыкыр текшерип чыгып, алтын уурдай турган сеткалар (уловитель) орнотулгандыгына күбө болгон. Атайын кабыл алынган эреже боюнча дароо комиссияны чакырып жатса, башкы инженер А.Абазов кирип келип, “сен, эмнеге ызы-чуу кылып жатасың” деп аны тилдеп, уруш салып, "Бул алтынды биз шефтерге, “Кыргызалтынга” бергенге даярдаганбыз”, - деген. Нааразы болгон А.Исмаилов “Кыргызалтындын” жетекчилигине билдирүү жасаганда, күзөт башчысы Н.Каныметов жана вице-президент Т.Казаков эч кандай чара көргөн эмес. «Макмалалтын» комбинатына иликтөө иштерин жүргүзүү үчүн комиссия дагы жиберилген эмес. Кылмыш иш ошол бойдон ачыкка чыкпай, жабылуу бойдон калып, бир дагы жолу иликтөө иштери жүргүзүлгөн эмес. Уурулуктун бетин ачкан А.Исмаиловду тез аранын ичинде жумуштан четтетип, кызмат ордуна өз адамдарын коюп, кызматкерлердин нааразычылыктары жаралган.

Ошол эле убакта «Макмалалтын» комбинатынын профсоюз уюмунун жетекчиси Б.Бектенов «Кыргызалтын» ААКнын жетекчилигине “Макмалалтындын” директору “алтын уурулугуна жол бергендиги үчүн кызматтан кетсин” деп доомат койгон. Аргасы кеткен А.Алимбеков «Макмалалтын» комбинатынын жетекчилигиндеги кызматкерлерди кызматтан четтетип, уурулук фактысы боюнча кылмыш иштерине юридикалык баа берүүнүн ордуна аларды жаап-жашырып отурат. Ушундан улам Алимбековдун жетекчи катары уурулукка жол бергени ачыктан ачык көрүнүп турат.

«Макмалалтын» комбинатынын директору К.Дыйкановду кызматтан алып, кайра «Кыргызалтын» ААКга башкы геолог кылып койду. Ал эми ууруну жаап-жашырган башкы инженер А.Абазовдун мансаптык тепкичин жогорулатып, кызматтан көтөрүп, «Макмалалтын» комбинатынын директору кызматын берди. Эми муну кадимки Күмөндөрдүн күлкүсү болду десек жаңылыштык эмес, же болбосо, кыргызда айтылгандай, “Уурусу күч болсо ээсин доого жыгат” болуп олтурганы кимдин болбосун кыжырын келтирет. 2014-жылдын 5-февралында “Майдан” гезитине «Макмал” алтын комбинатын Н.Исаков, «Кыргызалтынды» А.Муралиев жеке менчигине айлантып алганбы?” деген макала жарык көргөн.

Анткени, ошо убакта уурулук чегинен чыгып, ай сайын 18-20 килограммдан алтын уурдала баштаган. «Макмалалтын» комбинаты жетекчиликтин менчигине күнү бүгүнкүгө чейин иштеп келе жатат. Ошол убакта жумушчулар көтөрүлүп, нааразылык акциясы дагы болуп өткөн. Макала өз убагында чыгып, «Макмалалтын» комбинатынын директору Н.Исаков, А.Муралиев кызматтан алынган, бирок, кылмыш иштерине юридикалык баа берилген эмес, себеби, уурулардын чөнтөктөрү калың экен, “жабылуу аяк жабылуу бойдон калган”. Эми ошол уурулуктун башатында болуп келген Н.Исаков кайрадан башкы инженерлик кызматка келди.

Мындай көрүнүш «Кыргызалтын» ААКда уурулук фактылары бар экенинин, коррупциялык схемалардын болуп келе жатканынын ачык-айкын белгиси. Бир ууруну кызматтан алып, кайра мурунку ууруну кызматка алып келе берүү – бул парадокс эмей эмне, өкмөт мындай жосунсуз көрүнүштү жоюга милдеттүү.

Коомчулук мындай ыпылас иштерге бут тосуп, жооп кылат деп үмүттөнөбүз. Азыркы учурда уурунун бетин ачкан А.Исмаиловдун үстүнөн интернет тармактары аркылуу мүмкүнчүлүктөрүнүн болушунча жамандап, «Кащей» деп кличка коюшуп, кызматтан ылдыйлатып, айтор, жок кылуунун айласын кетирип жаткан чагы. “Уурулуктун бетин бекер ачтың, өзүңө өзүң кылдың” деп мурунку директор К.Дыйканов “эми сага А.Алимбеков өчөшүп алды, кызматтан кетпесең, бекер жеринен камалып кетишиң мүмкүн” деп эскертти - дейт. Эл оозунда “алтындын анты - алып тынуу” деп балким, бекеринен айтылбаган чыгар, бирок, алтын - алкы бузуктардын оокаты болуп келе жатканы коомчулуктун кулагына сиңип, эч кимге жашыруун деле болбой калды.

Кеп эми өкмөттө, ушундай уурулардан кантип тазаланабыз? Канткенде мыйзамдуу өлкөгө жете алабыз? Же бир ууруну кызматтан четтетип туруп, убакыт өткөндөн кийин кайра уурулугун улантышы үчүн кайрадан кызматка алып келүү милдетпи? Деги эле, уурунун – колу туткактын оңолгонун эч ким көрө дагы, уга дагы элек, “бүкүрдү бейит түздөйт” демекчи, ууру уурулугун көзүнө көр топурак тыгылып, аркы дүйнөгө суракка барганда гана токтотот. Биз, кыргыз эли, ар бир кыргызстандык жаран бийлик өкүлдөрү менен биргеликте акты ак, караны кара деп айтып, чындыктан тайсалдабай, өкмөт менен президенттин коррупцияны болтурбоо, ага каршы жүргүзүп жаткан күрөшүн колдоп, кеңири тамыр жайып, сормо сазга айланган паракорчулук, жемкорлук, коррупция сыяктуу терс көрүнүштөр менен күрөшүүгө өз үлүшүбүздү кошушубуз зарыл.

Укук коргоочу Качкынбек Булатов

Булак: NazarNews.kg

Последние новости