www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Камерундун түндүгүндөгү качкындар лагерине коюлган чабуулдан кеминде 13 киши мерт болуп, бир нечеси жаракат алды. Бийлик 2-августтагы кол салуунун артында «Боко Харам» ашынган исламчыл тобу турат деп эсептейт. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, белгисиз адамдар лагердеги адамдарга граната ыргытышкан.

"Рейтерс" агенттиги өз булактарына таянып каза болгондордун саны көп болушу мүмкүн экенин жазды.

“Боко Харам” террордук тобу Африканын батышында "Ислам халифатын" түзүүнү көздөп, коңшу Нигерия мамлекетинин аймагында соңку он жылдан бери ар кандай чабуулдарды уюштуруп келет.

Куралдуу кагылышууларда, кол салууларда отуз миңден ашык адам каза болгон. Нигерия, Камерун, Чад жана Нигер мамлекеттеринин тургундары үй жайын таштап, качкынга айланууга аргасыз болушту.

Былтыр "Боко Харам" уюмуна тиешеси бар деп шектелген үч жүздөй жоочу Камерундун түндүгүндө жайгашкан Чад көлүндөгү аралга кол салышып, 24 кишини, анын ичинде 16 камерун аскерин өлтүрүшкөн.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости