www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Качып кеткен Мелис Мырзакматовго көпчүлүк ишенбей калыптыр

"Улуттар Биримдиги" партиясын парламенттик шайлоого алып чыккан Мелис Мырзакматов коомчулуктан анчалык колдоо таба албай, четке сүрүлгөнү байкалууда. Эмне үчүн көпчүлүк ишенбей атат? "Балык башынан сасыйт" деп бекер айтылбагандыр. Себеби, Мелис Мырзакматов убагында коррупцияга айыпталганы, кылмыш иштери козголгондо качып кеткени, башка саясатчылардай күрөшө албай, түштөн кийин курулай шылтоолорду айтып, актанганы суу кечпеди.

Эр жигиттин башына эмнелер келип, не кетпейт? Чыныгы мырза кыйынчылык күндөргө чыдап, күрөшөт, сынбайт. Ал эми Мелис Мырзакматовго кысым башталганда "куйругун түйүп", сызган бойдон өлкөдөн чыга качкан. Чогултуп алган каражатына манчыркап, Туркияда жыргап жашап жүрдү. Качан гана былтыркы төңкөрүштөн кийин келе калып, элден биринчи акталып, оозун көптүрө жасалма сүйлөп, аягында шайлоого баратат.

Эл башына күн түшкөндө качып кеткен "саясатчыны" ким шайласын? "Көнгөн адат калабы, уйга жуген салабы?" дегендей, эртең Мелис Мырзакматовдун жанына күч келсе, бийлик кайрадан кылмыш иштерин көтөрсө, адатынча чет өлкөгө безе качабы?

Булак: Азия News гезити

Последние новости