www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус 70 кишиден аныкталып, эки бейтап каза тапты

Өткөн суткада 70 адамдан коронавирус табылып, 67 киши айыкты. Бул тууралуу Республикалык штаб кабарлады.

Жуктургандар:

  • Бишкек шаары – 23;
  • Чүй облусу – 21;
  • Ош облусу – 6;
  • Талас облусу – 2;
  • Ысык-Көл облусу – 8;
  • Жалал-Абад облусу – 7;
  • Баткен облусу – 3.

Жалпысынан өлкөдө коронавирус илештиргендердин саны 183 066га жетти. Анын ичинен 177 760 киши дартты жеңген.

Өлүм учурлары дагы эле катталууда. Кечээтен бери оору эки адамдын өмүрүн алган. Анын бирөө Бишкек шаарында, бирөө Талас облусунда көз жумган. Пандемия башталгандан бери илдеттен 2734 адам каза тапты.

Бүгүнкү күндө республика боюнча ооруканада 457 бейтап болсо, 579 адам амбулатордук шартта дарыланып жатат.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости