www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
2020-жылы 5-октябрында башалмандык башталып, ушундай чыр-чатактан улам бир топ саясатчылар мыйзамды бузушуп, “чээнден чыккан аюудай” камалган жерлеринен чыга калышкан. Алардын арасында Атамбаев баш болгон “зэктер” Бабановду төш кылып 2020-жылдын 9-октябрында Ак үйгө чабуул жасашат. Бул учурда жаңы гана өкмөт башчысына шайланган Садыр Жапаров “кереметтен” улам аман калып, Атамбаев, Бабановдорду таш менен ургулап кууп салышкан. Бийликке жасаган тайм-аут ийгиликсиз чыккан соң мыйзамдын негизинде Атамбаев баш болгон бир топ адамдар кайрадан “кайырмакка” түшүшүп, камалган жерине жеткизилген. Мыйзамды одонолук менен бузган Сапар Исаков, Албек Ибраимовдор мыйзамга баш ийбей жашырынып калган. Президент болобу деп саксактап жүргөн Исаков Сапар ошол бойдон изин жашырды. Сапар Исаков Атамбаевге далдааланып “Октябрь революциясындабы” же бийлик алмаштыруусундабы түрмөдөн бошотулуп мамлекетти башкарсам деп акактап калган. Алардын Ак үйгө болгон чабуулунда азыркы бийликте жүргөн көп эле адамдар бар, алар Бабановду же Сапар Исаковду мамлекет башына алып келебиз деп ээрчип алышкан. Бирок Садыр Жапаровду колдоочулар мизин кайтарышкан. Ошондон соң мыйзамды уккандар эс алуу бүттү деп түрмөгө кайтып келишсе, Сапар Исаков мыйзамды уруп ойнобой безеленип качып жүрөт. Аны туурап Албек Ибраимов да изин жашырды. Бул экөө кармалбаса УКМК тарап мактанбаса деле болот, анткени бир нерсесин жеп коюп издебей жатат деген сөз чыгышы мүмкүн. Эмне башкалардан бул экөөнүн жаны артыкпы же берчүсүн берип коюшуп тынч жатышабы? Мыйзам боюнча гана бошотулушу керек.
Азизбек КЕЛДИБЕКОВ, NazarNews.kg