www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бул тууралуу Ак-Турпак айыл аймагындагы «Миң чынар» асыл тукум фермердик чарбасынын ээси Акжол Имаров кабарчыга билдирди.
Анын айтымында, буканын бою 170 см чейин жеткен. Касапчылар букадан сөөгүнөн тышкары 600 кг таза эт алууга боло турганын айтышкан.
«Бул буканы 4 жыл мурун Бишкек шаарындагы чарбадан алып келгем. Аны менен бирге 50 баш кунаажын жана 1 баш бука алгам. Бүгүн сатылган бука «Ала-Тоо» породасынан. Ал өтө бат чоңойду. Күнүнө 10 кг жүгөрү, арпа жана башка жемдерди жеп турчу.
Учурда фермердик чарбамда асыл тукум малдардын саны 100дөн ашты. Учуда багып жаткан музоолордун салмактары дагы 1 тоннадан ашат», - деди Акжол Имаров.
Кадамжай райондук агрардык өнүктүрүү башкармалыгынан билдирген маалыматка ылайык, райондун аймагында акыркы 4 жылда биринчи жолу 150 миң сомго бука сатылды.

Булак: "turmush.kg"

Последние новости