www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Баткен облусунун Кадамжай районунда түнкү мезгилде уурулук жасап жүргөн 2 өспүрүм кармалды. Бул тууралуу Баткен ОИИБинин басма сөз кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, 25-октябрдан 26-октябрга караган түнү саат 04:00 чамаларында белгисиз атуулдар Кадамжай шаарындагы Заречная көчөсүндө жайгашкан "Тез татым" буткасынын ичине киришип, тамак-аштарды, буюмдарды уурдап кетишкен. Мындан сырткары ушул эле түнү ушул саатта коңшулаш жайгашкан "Магазин женский одежды" дүкөнүнө белгисиз атуулдар кирип, магазин ичиндеги сатыкта турган товарларды уурдап, натыйжада жабырлануучуга 28 миң 800 сомдук чыгым келтирген. Жогорудагы бул фактылар Кадамжай РИИБинде Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, соттук өндүрүш иши башталган.

Кадамжай РИИБинин ыкчам-тергөө иштеринин натыйжасында, кылмыштын изи сууй электе Кадамжай районунун Тамаша айылынын 16 жаштагы Т.Н. жана Кадамжай шаарынын тургуну 11 жаштагы М.Р. Кадамжай шаарындагы батирлерде ижарада жашап жаткан жери аныкталып, кармалды. Уурдалган буюмдар өз ээлерине кайтарылып берилди. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости