www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кадамжай районундагы каргашалуу окуя боюнча Манас таануучу, профессор Гүлзат Аалиева өзүнүн жеке пикирин билдирди.

«3000ден ашуун мечитте, мамлекеттик жана жеке телерадиоканалдарда, интернет сайттарда 72 үр кыз, 9 жаштагы шахабат, 6 жаштагы махабат, баланча арабдын түкүнчө токолу менен байланышкан порно дааваттары аркылуу тектүү кыргыздын улуу салтын, бийик наркын бузган молдолорго каршы чыкканым үчүн мени соттук куугунтукка алдырышкан. 2017-жылдан бери мен чырылдап айткан кесепеттер бүгүн практика жүзүндө көрүнүүдө.

Сот кандай чечим кабыл алса да, эртең Сиздин периштедей аруу кызыңыз, же мөлтүрөгөн карындашыңыз каран түнгө кабылбайт деп ким кепилдик берет? Дааваттарга мамлекеттик деңгээлде тыюу салынсын!», - деди Аалиева.

Эске салсак, 4-сентябрь күнү Кадамжай районунда сел өтүүчү тоннелдин ичинен 14 жаштагы кыздын сөөгү табылган. Ал колу артка жип менен байланып, муунтулган абалда жаткан. Кылмышка шектүү катары Кадамжайдын Халмион айыл аймагынын 24 жаштагы А.у.С., 25 жаштагы М.Ш. жана 27 жаштагы Г.Д. аттуу тургундары кармалган.

Бул трагедия боюнча үн каткан Садыр Жапаров кылмышкерлер өтө катуу жаза алуу керектигин жана аталган иш жеке көзөмөлүндө болорун айткан.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости