www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Кадастр» мамлекеттик мекемесинин басма сөз катчысы Алена Хоменко социалдык тармактагы баракчасында Эрнест Сулайманбеков пара менен кармалды деген маалыматка комментарий берди.

«Кадастр» мамлекеттик мекемесинин басма сөз катчысы катары жетекчибизге коюлган айыптар чындыкка дал келбей турганын билдирем.

Кызматкерлерден акча чогултуунун коррупциялык туруктуу схемасы жок жана болгон эмес.

Кырдаал мындайча болгон. "Кадастрдын" бардык кызматкерлери Ысык-Көлгө эс алууну пландаштырышкан. Чыгымды мекеменин профсоюзу төлөйт, бирок жакшы пансионатта эс алуу үчүн кошумча акча чогултуу керек экени бардыгына айтылып, бул сунушка баары макул болушкан. Баары айтылган сумманы чыгарышып, эс алып келгенбиз. Кийинчерээк УКМКга текшерүү органына ишти жабуу үчүн акча чогултулганы тууралуу билдирүү түшкөнү белгилүү болду Муну жетекчи Эрнест Сулайманбековго жеке таарынычы бар эки кызматкер жасаган.

Кечээ Сулайманбековго каршы көрсөтмө берген 15ке жакын адам УКМКга суракка чакырылган. Бирок биздин бригадада 81 адам бар. Эмнеге баарын чакырып сурашпайт?! Эмне үчүн ишти жүргүзүп жаткан тергөөчү тергөөнүн тартибин бузуп жатат?!

Жетекчибиз жеринен пара менен кармалган жок. Сулайманбеков кечээ күбө катары суракка чакырылып, бирок кийин негизсиз айып менен камакка алынды.

Бирок чындык далилденет. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат. Бир нерсе деп айтууга али эрте», - деп жазган ал.

Эскерте кетсек, буга чейин кызматкерлерден мыйзамсыз акча талап кылуу фактысы боюнча «Кадастр» мамлекеттик мекемесинин жетекчиси Эрнест Сулайманбеков кармалган.

Последние новости