www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

«Окуу жайлар биригип, ирилешкени жакшы болду», - деди бүгүн, 26-июлда NazarNews маалымат агенттигине коомдук ишмер Нурлан Мотуев.

- Нурлан мырза, кээ бир университеттер бириктирилип, беш жогорку окуу жайына өзгөчө макам берилмей болуптур. Билим берүү системасын жакшыртуудагы жогору жактын аракети туурабы?

- Албетте, окуу жайлар биригип, ирилешкени жакшы болду. Болбосо, ар кайсыл ректордун пара өндүрүүчү кормушкаларына айланып кетпеди беле.

Чынын айтсам, СССР таркагандан бери, айтылуу Акаевдин баягы, легендарлуу «Кыргызстан кедей өлкө. Мен жаштарга татыктуу жашоо бере албайм. Андан көрө, жогорку билим алгыла» - деп дээрлик 50 ЖОЖ ачып салгандан бери, мен ушул ЖОЖ дегендерге олуттуу деле мамиле жасабайм.  Кызыкпайм дагы.  Айтмакчы, кийин биз революция жасап, Акаевди кууп жиберип, Кыргызстан деген жер байлыгына ыңкып жаткан бай мамлекет экенин далилдедик.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости