www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кадимки сирендин дарылык касиети

Дарылыка гүлү жана жалбырагы колдонулат. Ревматизмге майдаланган гүлү, жалбырагынан 1 чоң кашык алып 200 мл кайнак сууга салып, жылуу ороп коёт. Бир күндө эки жолу тамакка чейин 100 граммдан ичет.

Жөтөлгө жалбырагынын майдаланганынан 2 чоң кашык алып, 200 гр сууга акырын кайнатып, бир күндө 25-30 гр дан тамакка чейин 5-6 жолу ичет. Туздун топтолгондугуна, равматизмге сирендин гүлүнөн алып, үстүнө арак куюп, 10 күндөн кийин бир күндө 3 жолу 30 тамчыдан ичет. Ооруган жерге аракка салынган гүлүнөн компресс жасоо керек.

Кант диабетине бүчүрүнөн 1 чоң кашык алып, үстүнө 200 гр кайнак суу куюп, 1 саат жылуу ороп коёт. Бир күндө 3 жолу 20-30гр ичет. Сирендин гүлүнөн чай кылып ичсе, эпилепсияны дарылоого жардам берет. Дененин ысыганын түшүрүү үчүн жалбырагынан чай кылып, бал кошуп ичүү керек.

Дарыгер Ташбү Каразакова

Булак: NazarNews.kg

Последние новости