www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

АКШнын Техас штатындагы Ювалд шаарында жайгашкан башталгыч мектептердин биринде 24-майдагы куралдуу кол салууда кеминде 19 окуучу менен эки киши мерт болду. Бул тууралуу Associated Press кабарлады.

Буга чейин 14 окуучу жана бир мугалим набыт болгону кабарланган.

Алдын ала маалыматтарга караганда, кол салууга шектүүнү полиция атып өлтүрдү. Ал Ювалд шаарынын жашоочусу – Сальвадор Рамос. Анын мындай кадамга барганынын себеби азырынча белгисиз. Шаардын көпчүлүк жашоочулары испан тектүү. Окуучулардын басымдуу бөлүгү аз камсыз үй-бүлөлөрдөн.

Техас штатынын губернатору Грег Эбботтун айтымында, шектүү мектеп кампусуна автоунаа менен келип, имаратка винтовка менен кирген. Айрым басылмалар кылмышка шектүү мектепке барып ок чыгарардын алдында өзүнүн чоң апасын атканын жазышты.

Маалым болгонгдой, кол салуудан жабыркаган ондогон киши ооруканада. Алардын арасында эки баланын абалы оор болгон.

АКШ президенти Джо Байден болуп өткөн кайгылуу окуяга байланыштуу курал-жаракты пропагандалоого тыюу салууга чакырды.

Бул АКШда 10 күн ичинде болгон эки массалык адам өлтүрүү. Ишемби, 14-майда, 18 жаштагы бала Нью-Йорк штатындагы Буффало шаарында азык-түлүк саткан дүкөндөн 10 адамдын өмүрүн алган. Тергөөчүлөр каргашаны расалык жек көрүүчүлүк менен байланыштырууда.

Эске салсак, 2012-жылы Коннектикут штатындагы Сэнди-Хук мектебиндеги ок атуудан 20 окуучу жана мектептин алты кызматкери өлгөн. Ювалддагы трагедия андан берки эле эң кандуу окуя болуп калды.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости