www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыров алгачкы жолу Орусиянын Мамлекеттик Думасына шайлоодо «Бирдиктүү Орусия» («Единая Россия») партиясынын федералдык талапкерлер тизмесине киргизилген жок. Бул тууралуу орусиялык ЖМКлар жазды. 

Маалыматка ылайык, Чеченстан боюнча талапкерлердин тизмесине Мамлекеттик Думанын депутаттары Шамсаил Саралиев, Руслан Лечхаджиев жана Ахмед Догаев, ошондой эле Чеченстандын өкмөт башчысы Магомед Даудов, анын биринчи орун басары Иса Тумхаджиев жана президенттик администрациянын жетекчиси Галас Таймасханов киргизилди. Алар Кадыровдун жакын чөйрөсүндөгү адамдар катары белгиленет.

Мындан тышкары, Кадыровдун дагы бир жакын санаалашы Адам Делимханов «Бирдиктүү Орусия» партиясынан бир мандаттуу шайлоо округу боюнча талапкер болуп көрсөтүлдү.

Белгилей кетсек, 2007-жылдан бери өткөн ар бир шайлоодо Рамзан Кадыров «Бирдиктүү Орусия» партиясынын Чеченстан боюнча аймактык талапкерлер тизмесин жетектеп келген.

Ошондой эле, ал 28-июнда өткөн «Бирдиктүү Орусия» партиясынын съездине да катышкан эмес.
Акыркы жылдары Рамзан Кадыровдун ден соолугунун абалы оор экени тууралуу маалыматтар бир нече жолу тараган. Бирок ал бул маалыматтарды бир нече ирет четке каккан.

Последние новости