www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Дүйнөлүк банк 2031-жылга чейин Кытай Эл Республикасына насыя берүүнү толугу менен токтотууну пландап жатат.
Маалыматка ылайык, акыркы жылдары Дүйнөлүк банктын Кытайга бөлгөн насыяларынын көлөмү кескин кыскарган. Тактап айтканда, 2017-жылы жылына 2,4 миллиард АКШ долларын түзгөн насыя көлөмү 2025-жылы 750 миллион долларга чейин азайган.
Маалыматта белгиленгендей, Дүйнөлүк банктын мындай стратегиялык чечими Кытайдын дүйнөдөгү экинчи ири экономикага айланышы жана анын жаңы глобалдык макамы менен байланыштуу.
Финансылык институттун негизги донорлорунун жана башкаруучуларынын бири болгон АКШ бул чечимди колдоду. Америкалык аткаминерлердин айтымында, Кытай экономикалык кубаттуулугу боюнча өнүгүп келе жаткан өлкө макамынан чыгып кеткендиктен, эл аралык каржы институттарынан өнүктүрүү үчүн каржылык жардам же жеңилдетилген насыя албашы керек.
Белгилей кетсек, буга чейин Дүйнөлүк банк экономикасы тездик менен өсүп жаткан Польшага карата да ушундай эле чечим кабыл алган
Кытайга насыя берүүнү токтотуу боюнча жаңы план ушул жылдын июль айында Дүйнөлүк банктын Директорлор кеңешинде талкууланып, расмий бекитилиши күтүлүүдө.