www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстанда карантин болгондон бери, бизге, ким эмне кылып жатканы кызык болду. Бүгүнкү таңдын алгачкы коңгуроосун, бир топ жылдан бери Курултай демилгесин көтөрүп, улуттук каада салты даңаза кылып келген Кадыр Кошалиев менен байланыштык.

-Алоо, арыбаңыз Кадыр акесизби?

-Ооба, шүгүрчулук бар болгула, өзүңүздөр кандай жатасыздар?

-Жакшы агай, биз “NazarNews” маалымат агенттигинен чалып жатабыз.

-Угуп жатам, айта бериңиз.

-Учурда эмне менен алектенип жатасыз, ден соолугуңуз кандай, адамзатка түйшүк  жараткан таажылуу вирус пандемиясы жөнүндө кандай ойдосуз ж.б.у.с суроолорубузга жооп алсак дегенбиз?

-Аа түшүндүм. Биринчиден, мыйзам сыйлаган адам катары үйдөн чыкпай олтурабыз. Чыгармачыл адам болгон соң,  анча-мынча кагаз иштери менен  болуп атам. Анан жер үйдө турган соң сыртка чыга калып бак-шактарды карап, жер чукулап дегендей...

-Ошо, жерге жакын экениңизди байкадым, кечээ жакында шаардын сыртындагы адырда окшойт го, жамбаштап жатканыңызды Фейсбуктан көрүп калдык...

-Ал сүрөт өзүмө да жагып калып, миңдеген мекендештерим  шаардагы көп кабаттуу үйлөрдө эшикке чыгып кенен баса албай бук болуп жатканын сезип, атайылап позитивдүү маанай жаратуу максатында жарыялап салсам, ал сүрөт заматта эле жүздөгөн мекендештериме жагыптыр. Эртеси кар жаап жиберген соң сиз көргөн сүрөттү өчүрүп салгам.

-Жөн койсоңуз деле болмок экен, мага да жаккан ал сүрөт. Анан үйдө да жамбаштап эле жатасызбы, жашыруун болбосо  жасап жаткан иштериңиз, дүйнөдө болуп жаткан окуялар боюнча ойлоруңуз менен бөлүшпөйсүзбү?

-Жаңы эле “Мундуз: тарых жана санжыра” аталышындагы китепти бүтүрүп, басмага тапшырдым. Илимий багыттагы баш сөздү тарых илимдеринин доктору О.Каратаев, ал эми руханий багыттагы алгы сөздү Кыргыз эл жазуучусу А.Жакшылыков жазды. Баш-аягы 800 беттен ашык көлөмдөгү  бул китепте бир эле мундуз уруусу жөнүндө эле сөз болбостон, уруу феномени, санжыранын мааниси, кыргыз этносунун түптөлүшү жана тарыхый өнүгүү баскычтары, азыркы дүйнөлөшүүнүн шартында улуттук иденттүүлүктү сактоонун зарылчылыгы туурасындагы эмгек болду. Калган бааны окурмандар бергени туура болот го.

-Сиз да уруучулук маселесин колдойсузбу?

-Эми бул узун сабак сөз. Санжыра - элдин тамыры, тарыхы. Ата-тегиңди билүү парз. Жети атасын билбегенди, жетесиз кул- деген кыргыз. Учурунда залкар окумуштуулар Б.Жамгырчинов, Ө.Караев, С.Аттокуровдор азыркы көзү тирүү үлкөн окумуштуулар, тарых илимдеринин докторлору  Ө.Осмонов, О.Каратаевдер санжыра маселесине оң баа беришип, негизги тарыхый булак катары сыпатташкан.  С.Аттокуровдун сөзүн кыстара кетейин: “Санжыра – атасын тааныбаган, энесин эстебеген, жети атасын билбеген маңкурттуктан кутулта турган баалуулук. Анын түпкү максаты – кыргыздарды уруу-урууга бөлүү эмес, аларды ким кайдан экенин, тегин, түбүн билүүгө үйрөтүү. Кылымдар бою бир тилде сүйлөп, бир динде табынып, бир туунун астында жеңип, жеңилип, качып, качырып, Ала-Тоону мекендеп келгенибизди далилдейт” кыскача айтканда ушундай.

-Макул ошондой болсун дейли, учурга ылайык бул баалуулуктун пайдасы барбы?

-Мамлекеттүүлүгүн жоготуп алган мезгилдерде да кыргыз эли майда “уруу мамлекеттери” болуп жашап келди. Сааты келгенде кайра уруулар бир туунун астында биригип, элдүүлүгүн сактай алды элибиз! Азыр эл башкаруу ишинде   айыл-район-облус түзүлүшүн колдонсок, мурда уруучулук принцип иштеген. Бул башкаруунун эң сонун ыңгайлуу да, натыйжалуу да  жолу болгон. Өзгөчө адептик-нравалык жагы азыркы мыйзам-кодестерден алда канча күчтүү болгон. Уят-намыс түшүнүктөрү өлүмдөн өйдө турган. Азыр караңыздарчы көчөлөрдө кайырчылар көбөйүп баратат, таштандылардын арасында жашап жаткан улутташтарыбыз пайда болду. Балдары туруп ата-энелери карылар үйүндө жашагандары канча. Кыздар күйөгө тийбей эле төрөп алып жатышат, жаш наристелерге каршы зордук-зомбулуктар күчөдү  ж.б тирукмуш окуяларга көнүп бара жаткандайбыз. Кыргыз нарк менен жашаган мезгилдерде мындай адамдык парасаттан кеткен жоруктарга жол берген эмес. “Ой мобуреки селсаяк, же ууру кайдан чыкты, кайсы уруудан, кайсыл элден”-деген суроо көтөрүлгөндө эле бүтүндөй бир уруунун намысына шек кеткен. Ошол замат эл жакшылары ал маселени жеринде чечкен.

-Аа бул жагын терең ойлонуш керек экен...

-Салттуу башкаруунун керектүү жерлерин азыр да руханий-идеологиялык маселеде ыгын таап колдонсо болот.

-Сизди коомчулук “Кыргыз жолу” коомунун жетекчиси катары да жакшы билет, учурга байланыштуу ушул багытта эмне иштерди колго алып жатасыздар?

-Ар кайсы аймактарда элдерди топтобой эле үйлөрдө Манас айтуу, бата-тилек ж.б руханий багыттагы иштерди учур талабынан чыкпай тар чөйрөдө уюштуруп жатабыз. Менин короомдо Кошой атанын урматына көтөрүлгөн “Кыргыз жолу” коомунун боз үйү бар, ал өргөөдө да  шартка жараша иштерди алып барып жатабыз. “Кыргыз жолу” коомунун акыркы жылдары  уруулар менен иштеп келген жакшы тажрыйбасы бар. Алсак, өткөн жылы Барскоон, Арсланбап, Чеч Дөбөдөгү элдик иштерди уруулар менен бирге ишке ашырдык.  Азыр кайрадан улуттук кызыкчылык үчүн уруулардын мүмкүнчүлүгүн  кризистен чыгууда бириктирсек, салттуулуктун эрежелерин сактоо менен бир максаттуу иш алып барсак деген сунуштар түшүүдө.

-Жакшы экен, ишиңиздерге ийгилик! Анан Кадыр аке айтсаңыз, дарт боюнча анын кесепеттери, адамзатка жана табиятка тийгизген таасирлери жөнүндө оюңузду уксак.

-“Кудайдын буйругусуз куурайдын башы да сынбайт”-дегендей бул да адамзат тагдырындагы  иш экен. Албетте жакшылыктарды тилейбиз. Алдын алуу аракеттерин көрүүбүз зарыл. Врачтарга, милицияларга кошумча түйшүк жаралганын сезип жатабыз, аларга күч-кубат берсин. Аларды керектүү коргоочу кийимдер жана  заманбап тех-медаппараттар менен камыздоо жагы жеткиликтүү болбой жаткандай.

Ар бир иштин эки жагы болот эмеспи. Дарттын шылтоосу менен жер эне бир топ эле тазарып калгандыгын илимпоздор айтып жатышат. Асман-жерде кыймыл аракет азайганда табият эс алгандай эле болду. Адамзат жер энени бардык жагынан тытмалап, булгап эле жаткан болчу да. Адамдар тообасына жанып, дүйнөлүк лидерлер эсине келе түштү окшойт, тирешүү-согушуулар да токтоду. Адамзат абалдан чыгуунун аракетин чогуу көрө баштады. Бул вирустун чыгышы боюнча да ар кандай версиялар айтылууда. ( лабораторияда жасалгандыгы, экономикалык, саясий  кызыкчылык ж.б)

Эмне болгондо да де-факто таажы вирусу чурулдап жаткан адамзатты саамга болсо да тынчтандырды. Эми анын арты менен жердин жыштыгы өзгөрүп, ал өз кезегинде адамзаттын аң-сезиминин өзгөрүшүнө таасир этиши толук ыктымал дешүүдө аналитиктер. Менимче мындай глобалдук өзгөрүүлөрдүн таасири  чоң индустриялуу державаларга катураак таасир этсе, бизге окшогон чакан агрардык өлкөлөргө таасири көп кыйраткыч мүнөздө болбойт деп ойлойм. Биз ансыз да табиятка, жерге, мал-жанга жакын элбиз. Жер бетин бүтүндөй топон суу каптап кетпесе эле, оокатыбызды өткөрө беребиз.

Ал эми чоң гигант завод-фабрика, ишканларары аркылуу жан баккан  индустриялуу өлкөлөрдө жумуш токтосо элдин турмушу оорлоп кетиши мүмкүн. Жараткан теңирий улуу күч аша кеткендерди ооздуктап, баарын теске салып, тендеп жаткандай туюлат. Андыктан, урматтуу туугандар аталар айткандай “Ээ Жараткан улуу күч, баарын алсаң да пейилимди алба, пейилимди тарытпа”-дегендей кенендигибизди сактай, айкөлдүгүбүздөн кайтпай, “кеңге кең, тарга тар дүнүйө” экенин  жакшы билген эл катары башаттан келе жаткан улуу көчтү татыктуу уланта берели. Аманчылык, биримдик, ынтымак, аракет болсо, алтын аяктан суу ичип, кой үстүнө торгой жумурткалаган заманды да көрөрбүз.

-Маегиңизге рахмат!

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости