www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Нарын облусунун Ат-Башы айылында бир киши аялын атып салууга аракет кылган, бирок, тапанчасы иштебей калып, башына таш менен урган. Бул тууралуу “Теңдеш” кризистик борбору билдирди.

Маалыматка ылайык, жабыр тарткан аял "Теңдеш" кризистик борборуна февраль айында жардам сурап кайрылган. Анда, аял жолдошу аны дайыма сабай бергендиктен ажырашууну чечип жатканын айткан. 

«Биз ага ажырашуу үчүн эмне кылуу керек, бул жөнүндө күйөөсү менен кантип сүйлөшүү керектиги боюнча юридикалык кеңеш бердик. Адвокатка жөнөттүк. Аял күйөөсү менен ажырашуу тууралуу арыз жазган. Бирок күйөөсү ажырашкысы келген эмес. Сот отуруму дайындалып, бирок ал кишинин келбей калгандыгына байланыштуу май айынын башына жылдырылган. Ушул убакыт аралыгында күйөөсү аялды кармап, бычак такап, ажырашуу арызын кайтарып албаса аны өлтүрүп койом деп коркуткан. Бул иш боюнча материал Укук бузуулардын жана кылмыштардын бирдиктүү реестрине катталган. Эркек кишини кармашкан. Бирок сот аны кайра бошоткон.

Бул окуядан кийин, 8-апрелде жолдошу аялы дааратканага баратканда кармап алып, атып салууну көздөгөн. Бирок, тапанча иштебей калган. Мындан улам дароо аялынын башына таш менен ура баштаган. Окуя болгон жердеги ызы-чууну туугандары угушуп чуркап келишкен. Алар кишини коркута башташканда ал качып кеткен. Азыркы учурда аял ооруканада жатат. Анын колу, мурду сынган жана башка дагы көп жаракаттарды алган. Учурда тергөө иштери жүрүп жатат, бирок кылмышкер дагы деле табыла элек, - деген кризистик борбору.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости