www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Россиялык журналист Ксения Собчак жакында эле Александр Гудковдон интервью алган. Соцтармактарда интервьюнун биринчи бөлүгүнүн аягы эффективдүү бүткөнүн баалоого үлгүрүштү – Гудковдун жосунсуз тамашасына таарынган журналист шоумен эмне үчүн аны мынчалык шылдыңдап атат деп, ыйлап ийди.  

Көрсө, бул ыйлуу финалдан башка да интервьюда юморго таптакыр тиешеси жок кызыктуу учур бар экен. Гудков юморго карата өзүнүн жеке мамилесин айтып жатып, катуу тамаша деген кандай болоору тууралуу да сөз козгогон. Өтө жаман нерсе болуп атса да аны тамашаламайын тура албасын айткан. Бул эми организмдин табигый коргонуучу реакциясы да.

Ага өз коллегасын мисал келтирген.

“Ваня Ургант деле ошондой. Ал мемориумдарды (некрологдун бир формасы) жазып атканда күлкүсү тыйылбайт. Анткени андай абалда ал өзүн олуттуу кармай албайт. Баса Гафт өлдү, биз муну бүткөндөн кийин, сөзсүз мемориум жазып коюшубуз керек”,-деп айткан.

Бир сутка өткөндөн кийин Собчак минтип пост жарыялады.

“Кечээ менде күлкүнүн   истерикасы болду. Кечинде мага ачууланып Ваня Ургант чалды: эмне үчүн Гафтты көмүп атасыңар? Аныңар аз келгенсип мени да өзүңөргө кошуп алыпсыңар!”.

Ксения Урганттын жана өзүнүн интернеттеги катталуучуларынан, ошондой эле 84 жаштагы актердун алдында актанууга аргасыз болду.

"Эмне деп айтам? Эки кем акыл — күч экен! Болуптур  Гудков бул драмалык тарыхты жөн айтса бир жөн, а мен аны акылдуу кебетем менен кубаттап жатпайымбы. Валентин Иосифович! Аман жүргөнүң үчүн рахмат! Биздей эки кем акылды кечирип койчу!"-деп журналист кечирим сурады.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости