www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Макмалды иштетип жаткан Кыргызстан эмне үчүн Кумтөрдү иштете албайт! Мындай пикирин «Кыргыз жолу» коомунун төрагасы Кадыр Кошалиев билдирди.

«Макмалды иштетип жаткан Кыргызстан эмне үчүн Кумтөрдү иштете албайт! Адистер, тажрыйба жетиштүү. Капитал маселеси курч турса, баалуу кагаздарды чыгарып, Кыргызстандын эли акционер боло ала тургандай укуктук шарт түзүү зарыл.

Азыр ЮАРда алтын иштеткен, Якутияда алмаз иштеткен миллардер кыргыз жигиттер чыга баштады. Ошолор каражатын салсын, ар бир карапайым кыргыз шартка жараша каражатын салсын. Ошондо киреше өзүбүздө калат, жашоо-турмуш онолот.

Макул сырткы капиталга да 30%дан ашпаган мүмкүнчүлүк берилип, жаңы технология менен жабдылып, керектүү гана инженердик адистер чакырылсын. Жалпы эл колдогон жана ишмердүүлүгүнө катышкан долбоор эч качан банкрот болбойт. Демек, УЛУТТАШТЫРУУ аркылуу ушундай кадамга баруу керек!», - деп белгилеген Кошалиев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости