www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

“Кыргыз жолу” коомунун Биримдик кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиев өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына өлкөдөгү карантинди токтотуу боюнча 7 сунушун жазып чыкты.

"Таажылуу вирус өз бийлигин жүргүзгөндөн бери дүйнө жүзүндөгү элдердин жашоо-турмушунда ойго келбеген кескин өзгөрүүлөр өкүм сүрүп жатат. “Жаман айтпай, жакшы жок” - дегендей ак-кара ээрчишип жүрөт эмеспи. Жараткандын буйругу экен, өкүнүчтүүсү адам өмүрүнө зыян алып келген дарт дүйнөнү тегиз каптады. Миңдеген адамдардын өмүрүн алып кетти. Оорунун очогу аталган Кытайга караганда негедир АКШ баш болгон Батыш өлкөлөрү көбүрөөк жабыркады. Таба эмес, тооба дейли.

Дүйнө жүзү боюнча 25-апрелге карата - 2 672 221 учур катталып, анын - 811 687 сакайганы, 197 846 көз жумганы айтылууда.

Жакшы жагы адам баласынын жан дүйнөсү тазара баштады. Ар бир адам өзүнө, үй бүлөсүнө маани берип калды. Бири-бирине күйүмдүү болуп, согуш оту өчүп баратат. Жаратылыш жанданып, жалпы табият тазаланып алды.

Ал ортодо бул вирусту Кытай өзүнүн экономикалык кызыкчылыгы үчүн ойлоп таап, атайын тараткандыгы жөнүндөгү жоромолдор да айтылып кетти. Бир карасаң жөнү бардай, арзан жумушчу күч жагынан Кытай өлкөсү инвесторлорду өзүнө тартып келген. Ошондон улам бир кезде АКШнын 900 долбоору бир мезгилде Кытайда ишке ашырылган. Акыркы эле учурда Франциянын 50 компаниясы Ухань шаарына түз инвестиция салган экен. Таажылуу вирустун чыгышы менен көпчүлүк инвесткомпаниялар өз акцияларын арзан баада Кытай тарапка сатып, чыгып кетүүгө аргасыз болушкандыгын ММКлар жазып чыгышты. Демек, жоромол да жөн жерден чыкпайт да...

Ошол эле мезгилде орус окумуштуулары ж.б аналитиктер АКШ тарапка күнөөнү ыйгарып, илгертен эле булардын ниети жакшы эмес экени, Түндүк Американы жергиликтүү эл болгон индеецтерден кантип канга чылап туруп, күч менен тартып алышканын эскерип, ошондо эле бактериялык куралдарды ойлоп таап, (одеялдар аркылуу) тынч жаткан элге каршы колдонушкандыгын айтып чыгышты. Карманын (каргыш) закону боюнча бумеранг сыяктуу жамандык кайра келип как башка тиерин да саймедиреп жиберишти.

Мындан сырткары 3-версия боюнча еврейлердин купя долбоору болгон, ондогон жылдар бою ишке ашырылып келе жаткан “Дүйнөлүк Өкмөт” (чипизация) аталышындагы системаны ойлоп тапкан авторлордун “жаңы спектакли” катары баалашкандар да болуп жатат. Айрыкча ушул версияны сап кармагандар, иликтөө иштерин катуу жүргүзө баштагандыгын белгилей кетели. Анан калса, 2-3-версиялардын тамыры бир экендигин эске алганда, бул жагдай алдын алууну талап кылган жалпы адамзаттык маанилүү маселе болуп чыга келет.

Кыргызда бир керемет сөз бар: “Пенденин колунан эч нерсе келбейт, Кудайдын көзү түз болсун”- деген. Өздөрүн дүйнөлүк держава эсептеген өлкө башчылары, жаңы система ойлоп тапкычтар дагы кандай сыноолорго кептелерин бир эле таажылуу вирус эң сонун көрсөтүп койду. Пейилди кенен коелу, буйруганын көрөбүз да, калганын күнөөгө батпай Кудайга салдык дейли.

Ушул процессте Беларусь, Тажикстан, Түркмөнстан өлкөлөрү адаттан тыш жүрүштөрү менен башкалардан кескин өзгөчөлөнө алышты... Аларга тигиндей, же мындай деп баа берүүгө али эрте. Алардын кадамдары туура, же туура эмес болгонун убакыт көрсөтөт.

Карантин, пандемия маселеси боюнча Кыргызстанга келе турган болсок, 26-апрелге карата республика боюнча 682 учур катталып, ( 180 медиктер) 370 адам сакайып чыгышканы, 8 адам көз жумганы кабарланууда. Кудай жалгап бизде салыштырмалуу жеңилирээк өтүүдө.

Алгачкы учурда даярдыктын жоктугунан, атайын кийимдердин жетишсиздигинен врачтарга оор болду, бир тобу жуктуруп алышты. Аларга таазим, сакайып кетишин каалайбыз. Бийлик да шартка жараша иш алып барууда. Эл да мыйзамды сыйлап, чыдап берүүдө. Эми мындан аркы кадамдардын кандай болушун эл чыдамсыздык менен күтүүдө.

СУНУШ: Эмне кылуу керек? (Таңуулабайм, жеке көз караш)

1.Карантинди дагы узарта берүүнү туура көрбөйм. Ошого карабастан, эрежелерди так сактоо менен карантинден чыгуунун жеңилдетилген шарттарын, мөөнөттөрүн 1-майдан баштап белгилөө зарыл.

2.Кыргызстанда карантин 25-мартта киргизилгенин эстесек, 5-майга карата туура 40 күн болот экен. Салттуу жөрөлгөлөргө ылайыктап, карантинди жалпы элдик кырк күндүк тунуу-тазалануу катары кабылдап, Конституция күнүнө карата 5-май күнү толугу менен токтотууну туура деп эсептейм. (Албетте, кээ бир эрежелер сакталышы керек.)

3.Жазгы талаа жумуштарын аягына чыгарууга саналуу күндөр калгандыктан, ушул маселеге мамлекеттик маани берилип, дыйкандарды колдоо зарыл.(“Жаздын бир күнү, жылга тете.”)

4.Экономиканы көтөрүү, элди жумуш орундары менен камсыз кылуу, акча-каражаттарын реалдуу секторго жумшоо, талап-тонолгон элдин мүлкүн кайтаруу-учурдун маанилүү маселелери.Бул багытта адистер менен кеңешип, “Эл Банкын” түзүп, акча банкнотторун келечекте өзүбүздө басып чыгарууну колго алуу зарыл.

5.Кыргыз көчү өз жолун татыктуу улантсын десек, кечигип жаткан дагы бир эң маанилүү маселе- КРнын коомдук-сайсий түзүлүшүн, идеологиялык багытын улуттук нукка салууну тездетүү зарыл.

6.Бийлик бутактарынын эл алдындагы отчеттуулугун жана жоопкерчилигин камсыздоо-адилет коом курунун алгачкы ишенимдүү кадамы болмокчу.

7.Бири бирибизди угуп, түшүнүп, кепке келели! Илим, билим, руханият-келечекке шам чырак! Жанылануу-руханий-идеологиялык иштерди ыраатка салуудан башталат.

Баарыңыздарды терең урматтоо менен Кадыр Кошалиев, “Кыргыз жолу” руханий коомунун төрагасы", - деп жазган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости