www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Сиздерди 2017- жылдын 23-май күнү саат 10-00дө Кожомкул атындагы спорт ордосунда өтө турган Республикалык Улуттук Курултайга чакырабыз. 
Кыргызстандагы улуттук мекенчил күчтөрүнүн биримдиги (КУМКБ) 2017- жылдын 28-апрелинде “Улуттук кайра жаралуунун ачкычы -Элдик Курултай” деген ураандын алдында Меморандумга кол коюшуп биригишкен. Бирикмеге 70 тен ашуун коомдук-саясий уюмдар, кыймылдар, жараандык коомдор, фонддор, 40 тан ашык саясий, коомдук ишмерлер кол коюшкан.
Бирикменин максаты - 26 жылдан бери бекемделип жаткан жеке адамдын – Президенттин –авторитардык режиминен арылуу, коррупциялык коомдон тазалануу, бийлик менен элдин ажырымын жакындатуу, мамлекеттик бийликтин эл алдындагы жоопкерчилигин камсыздоо, укуктук мамлекет куруу, мамлекет ээси болгон кыргыз улутун кайра жаратуу. 
Максатка жетүүнүн жолу Элдик Курултай институтуна Конституциялык денгээлде мамлекеттик бийликти багыттоочу жана көзөмөлдөөчү, эң жогорку саясий коомдук уюм статусун берүүгө жетишүү жана элдик курултайдын чечимин аткаруу мамлекеттик органдар жана алардын жетекчилери үчүн милдеттүүлүгү жөнүндөгү жоболорду Кыргыз республикасынын Конституциясына киргизүү болуп эсептелет.
Жогорудагы максатка жетүү үчүн КУМКБнын 2017- жылы 28-апрелдеги Уюмдашуу жыйынында колдоо тапкан Конституцияга өзгөртүү киргизүү жөнүндөгү мыйзам долбоору жана Өкмөт тарабынан кабыл алынган №197 (03.04.2017) паспорттогу "улуту " графасы ачык көрсөтүлбөгөн Токтомду жокко чыгаруу Чечими Кыргыз республикасынын Президентине, Жогорку Кенешке, анын фракцияларына, Кыргыз республикасынын Өкмөтунө жиберилген. 
2017-жылдын 17-майында Кыргызстандын баардык олбустарында аймактык элдик курултайлар өткөрүлдү.
Долбоор баардык облустарда талкууланып, делегаттар шайланды.
2017-жылдын 23-май күнү саат 10.до Бишкек шаарындагы Кожомкул атындагы спорт ордосунда, долбоор жалпы улуттук деңгээлде талкууланат. Улуттук коопсуздукка шек келтирген курч маселелер жөнүндө сөз болот. Бул иш-чарага аймактык делегаттардан сырткары КРнын Президенти, КРнын Премьер Министри,Күч структуралардын башчылары, Жогорку Кенештин депутаттары, аксакалдар, улуттук мекенчил көз караштагы коомдук-саясий уюмдардын жетекчилери, коомдук ишмерлер, илимий-чыгармачылык чөйрөнүн жана ММКтарынын өкүлдөрү чакырылды.

Туруктуу Элдик Кенеш

Катышууну каалагандар үчүн байланыш телефону: Айбек - 0777 54-30-28, 0557 92-47-32, 0700 92-47-32

Последние новости