www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Редакциядан: Эгемендик жылдары КРнын Конституциясы тогуз жолу өзгөргөндүгүнө карабастан, бул маселенин тегерегинде азыр да талкуулар токтой элек. Кээ бир аналитиктер азыркы колдонуудагы Баш Мыйзамда кош бийликти жараткан беренелер бар экендигин айтышса, мекенчил нукту карманган багыттагылар Конституцияны түп тамырынан улуттук баалуулуктардын негизинде кайрадан жаңылап жазып чыгуу зарылчылыгын белгилешет. 1993-жылкы Конституцияны калыбына келтирүү үчүн күшөшүп келе жаткандар да бар.Бүгүн биз 5-май КРнын Конституция күнүнө карата “Кыргыз жолу” руханий коомунун Биримдик кеңешинин төрагасы Кадыр Кошалиевдин ушул ж.б мамлекеттик маанилүү маслелер боюнча пикирине орун беребиз.
Баш Мыйзам - элдин табиятынын чагылышы!
Улуу журт кыргыз эли кечээ –өзүнүн дүйнөтаанымы, философиясы, тарыхы,каада-салты, керемет тили,кайталангыс дөөлөт мурастары,таза дил, аруу жан дүйнөсү менен айрымаланган; адамгерчиликти, акыйкаттыкты ,калыстыкты, адептүүлүктү, абийирди, ар намысты ыйык туткан; кубаттуу империя курган; жазуу маданиятына ээ, эркин коом, нарктуу демократиясы болгон; көчмөн цивлизациясын түзгөн жана өнүктүргөн Евроазия мейкиндигинде ат ойноткон баатыр элдерден эле.
Бүгүнчү? Өзүнчө Эгемендүүлүккө ээ болгондугуна карабастан мамлекеттүүлүктү сактап турган –коргонуу,чек ара,экономика,тил сыяктуу мүмкүн болгон 10 индекстен алганда, азыр Кыргызстан 0,8 деген деңгээлге түшүптүр. Бул деген мамлекеттүүлүктү жоготуп алуунун кылда кырына келгендикти билдирет.
Учурда Кыргызстанда туташ кризис уланууда.Айрыкча руханий-идеологиялык тармакта бүлгүн түшүүлөр кадам сайын учурап, коомдук мүнөздөгү деградацияга чейин жетип,айтууга оозуң барбаган тирукмуш кылмыштуулук күчөп, жаш наристелерге карата зордук зомбулук жасаган зөөкүрлөр,өз баласын өз колу менен өлтүргөн мыкаачылар чыкты.Элди коргойт,тартипти сактайт- деген сот, укук коргоо, ички иштер органдары өздөрү коррупциялашып кетти. Карызга белчебизден баттык, эл жумуш издеп чачырап кетти. Коомдогу эл менен бийликтин ортосундагы ажырым жоюлган жок. Демек, биз бүгүн Батышты ээрчип адашуу жолунда бара жатабыз.
Улуттук Конституция – элдин менталитетине жана идеологиялык баалуулуктарына ылайык түзүлбөсө иштебейт, кайра талкалайт. Коомдо ар бир адам үчүн эне сүтүндөгү – ата канындагы өзгөчөлүк сакталып, эркин чабыттап уча ала турган куштай мүмкүнчүлүк болуш керек. Элдин канындагы сырын билбей туруп, сырттан мыйзам таңуулай берсек, журт чүнчүп, бук болуп, акыры жарылат.
Кыргыз улуту байыркы Улуу журт, аны башкарууга батыштын Конституциясы төп келбейт. Кыргызды башкаруу үчүн, анын манасчыл духун, ата-тегин, табиятын, салттуу эрежелерин, табитин, керемет сөздөрүн, өнөрлөрүн, жашоого байланышкан сырын, шыгын, касиетин баалап анан башкаруу мыйзамын түптөө керек. Элдик Курултай, Аксакалдар институттары жаңы улуттук Конституциянын өзөгүн түзүүсү зарыл. Баш Мыйзам-улуттук табияттын чагылышы болуп бере алганда гана иштей баштайт. Эгер түпбашаттан келе жаткан өз жолубузга түшпөсөк Жараткан жазалайт, аталардын арбагы да кечирбейт.
Элге руханий азык берүүчү, туура жолго багыттоочу илим, билим, маданиятка мамлекеттик деңгээлде маани берилбей илимий-чыгармачыл чөйрөнүн үнү угулбай, баалуулуктун баары байлык менен бийликке байланып, акчалуулардын алаңгазар кармашынан чыккан кара түтүнгө бүткүл коом ууланып, Улут тагдыры устаранын мизинде турган учур.
Биздин ата бабалар бизге караганда даанышман экен. Тарыхты карасак, жолду аныктап, маселе чечкендер төрөлөр менен билгилер тайпасы болгон. Алтын-күмүш, мал - мүлкү жерге батпаган бай болсо да,акыл кенчи, даанышман Бакай атадан аша түшүп кеп айтуу мүмкүн эмес экендигин алар жакшы түшүнгөн. Ал эми азыр акыл-эс эмес - акча; баш эмес калын чөнтөк маселе чечкен мезгилде жашап жатабыз. Багытыбызды таба албай адашып жаткандыгыбыздын бир себеби да ушунда.
Элди жумуш менен камсыз кылуу аркылуу жашоо турмуштун деңгээлин көтөрүүгө, кылмыштуулуктун алдын алууга маани берилбей келүүдө.
Жалпыга билим-тарбия берүү тармагында элдик педагогиканын бай тажырыйба-усулдары ыктуу колдонулбай жатат. Улуттук идея-ой туюмдарга негизделген идеологиялык ишмердүүлүк үй бүлө-коом-мамлекеттин масштабында, иреттүү жүргүзүлгөндө гана өз жемишин бермекчи.
Бир кыргыз эли бүгүн, миңдеген коомдук уюмдарга,жүздөгөн саясий партияларга, ондогон диний агымдарга, кала берсе түндүк-түштүк, бай-кедей, кыргыз-киргиз болуп бөлүнүп турган учур. Жеке адам укугун көкөлөтүп, жалпы улут укугун тебеледик.
Ооба, жалпы адамзаттык жетишилген илимий-техникалык жана руханий баалуулуктарды кыргыз кыртышына ылайык келгендей кылып, ийкем заманбап модерндештирип кабыл алууга каршылык жок. Кептин баары ылгабай эле ыпыр-сыпырдын баарын кабыл ала берүүнүн аягы барып, алпейим кыргыз табиятын талкалап жаткандыгында болуп жатпайбы?! Биз түп башаттан келе жаткан салттуу жолубузга түшкөндө гана азыр жукарып бараткан адеп-ыйман, уят-абийир, сый-урмат, ар-намыс, ынтымак, биримдик маселелери ордуна келет.
Коомдун ашкере саясатташуусу жакшы көрүнүш эмес. Колдон келишинче, мүмкүнчүлүктүн жетишинче коомду ар тараптан руханийлештирүүгө, сергек жашоого басым жасоо-бүгүнкү күндүн талабына айланды. Андыктан, коомчулук тарабынан көтөрүлүп жаткан Манастөр -улуттук руханий борборун түптөө зарылчылыгы туулду. Элдин канындагы жоокердик духту ойготуп, өзүнө болгон ишенимди бекемдөө- учурдун кечиктирилгис милдеттеринин бири.
Кыргызстандагы бардык бийлик-байлык ресурстары, илимий- маданий мүмкүнчүлүктөр, ММКлар, жалпы эле элдик жаратмандык күч - эң оболу республиканын улуттук кызыкчылыгы үчүн иштей тургандай шарт түзүлүүсү максатка ылайыктуу. Андыктан, ата бабалардын нарктуу жолуна тушүп, ач көздүктү, түркөйлүктү, көрө албастыкты түп тамырынан жулуп салып, айкөлдүктүн, адилеттиктин, аруулуктун үрөөнүн себишибиз керек. Ошондо гана коом тазарып, көчүбүз түздөлөт!
***
Байыркыдан ушул күнгө чейин Баш Мыйзамдын ролун аткарып, элдүүлүктү сактап келген кыргыздын нарктуу жашоо эрежелеринен:
-Кыргыздын теги түптүү!
-Хан бийлигинен -нарк күчтүү!
– Баш кийимди бийик кой.
– Баланы башка урба.
– Атты башка чапба.
– Күл дөбөнү баспа.
-Кесирлик кылба.
-Адамды аттаба.
–Кыркы чыга элек баланы көрсөтпө
-Бешикти куру терметпе
– Акты сатпа (азыр сата башташты).
– Өзүңдөн улууга каяша айтпа.
-Акылмандын кебин тыңша.
-Үйдүн ээси- аталар,
-Үй бүлө куту -энелер.
-Атанын салган жолу бар,
-Эненин бычкан тону бар!
– Ата-энени урматта!
-Шамда уктаба.
-Түндөсү тырмак алба.
-Босогодо турба.
-Колунду төбөңө алба.
-Бөйрөгүңдү таянба.
-Укпайт деп ушак айтпа,
-Көрбөйт деп уурулук кылба!
-Душманга колтугунду ачпа,
-Мекенди көздүн карегиндей сакта!
-Баарын койуп Манасты айт!
-Түркөй болбой айкөлдүккө кайт!
-Билеги күчтүү -бирди жыгат.
-Билими күчтүү-миңди жыгат.
-Билермандын иши алга жылат.
-Билим ал!
-Ак- караны, ажырата бил.
– Булакты көрсөң көзүн ач.
-Жетим-жесирге каралаш.
-Эл менен жер киндиктеш.
-Жер энеге акаарат келтирбе.
-Сууга түкүрбө.
-Чөптүн да убалы бар
-Убал-соопту биле жүр!
-Жаман жолго барба,
Абийириди жашыңдан сакта!
Чачынды жазба, жесирликтин белгиси.
Жаагынды таянба, жамандыктын белгиси.
-Уят-намыстуу бол!
Тарга тар, кеңге кең дүнүйө.
-Пейилди кенен кой.
-Напсини тый.
-Аманатка кыянат кылба.
-Элдин акын жебе.
-Атаңа наалат келтирбе!
-Барга-жокко каниет кыл.
-Топуктуу бол!
-Сабырдын түбү сары алтын.
-Касиетиңди карман.
-Илимден адеп улук.
-Адам бол!
-Керсейип бой көтөрбө.
-Сөөмөй менен кезебе.
-Менменсинбе,элден чыкпа.
-Күч бирдикте!
-Бала төрөлгөндө сүйүнчү берет.
-Жаңы басканда ак жол тилеп, тушоосун кесет.
-Ата-эне балдарына энчи бөлөт.
-Жети атасын билбегенди кул дейт.
-Тегиңди бил!
-Кумурскага да бейчээки зыяның тийгизбе.
-Колуңдан келсе ажаат ач!
-Сөздү уккан жерге сүйлө.
-Бирөөнүн үстүнөн мыскылдап күлбө.
-Алсыздарды кордобо.
-Жамандын жолун жолдобо.
-Түз жүр!
- Аял киши куралга кол тийгизбейт,
- эркектен оозунуп баспайт.
-Купуя тилек ар кимге айтылбайт.
-Түштүн башы тоодой, мойну кылдай, кандай жоорусаң ошондой болот.
-Жигиттик намыс, кыздык абийир өлүмдөн өйдө турат.
-Устатына шакирти каршы чыкбайт.
-Жалган айткан жарыбайт.
-Кеп чынынан бузулбайт.
-Турмуш туткасы-адилеттик!
– Чакыруусуз өзү келген конокту “кудайы конок”- дейт.
– Үйгө келген кишини «келиңиз, нан ооз тийиңиз» дейт.
– Үйдөн жылан чыкса өлтүрбөйт, ак чачып чыгарат.
– Алыс жолдон келген кишинин башынан тегеретип суу чачат.
-Жаңы келген келиндин оозуна май салат.
– Тажыяга баратып башка иш жасабайт.
-Өлгөн кишини жамандабайт.
– Атчан киши жөөгө салам берет.
-Жеке адамга караганда элдин жолу улуу болот.
-Эрден өтмөк бар, элден өтмөк жок.
-Чатакташа кетсе, биринчи кечиримди кичүүсү сурайт.
– Төргө аксакал же жолу улуу адам олтурат.
–Устукан улуулата, же жолу улуулата тартылат.
-Жол улуу, жөн билги, сөз билги адам бата берет... ж.б
Элден алып, элге берели. Жараткандын көзү түз болуп, кел келибиз келсин! Жан дүйнөбүз аруулансын! Ынтымак - биримдигибиз бекемделсин! Кыргыз көчү байсалдуу улансын!
Кадыр Кошалиев “Кыргыз жолу” руханий коомунун Биримдик кеңешинин төрагасы
Булак: NazarNews.kg