www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кыргызстан мусулмандар дин башкармалыгынын жетекчисинин мурдагы орун басары, дин таануучу Кадыр Маликов Ооганстандагы абалдын өнүгүшү Борбор Азиядагы геосаясий кырдаалдан баштап, ички маселелерге чейин таасир берерин белгиледи.

Ооганстанда диний башкарууну орнотуу ыктымалдуулугу демократиялык жана светтик башкарууга умтулган Борбор Азиядагы айрым өлкөлөргө кооптонуу жаратууда.

Кадыр Маликовдун пикиринде, Борбор Азия өлкөлөрү жаңы коркунучтарды чукул алдын алуу үчүн күч органдарынын иш-аракетин күчөтөт. Бирок, өлкөдөгү социалдык, саясий абал радикал топтордун өз идеологиясын жайылтууга оңой шарт түзүшү ыктымал.

--"Бардык террордук, экстремисттик кыймылдардын, топтордун максаты – светтик мамлекетти жок кылып, ислам мамлекетин куруу, улуттук мамлекетти талибдер катары сактоо же "Ислам мамлекети" (өлкөдө тыюу салынган уюм) сыяктуу халифат аймагына кошуу. Калкынын басымдуу бөлүгүн мусулмандар түзгөн Казакстан, Өзбекстан, Тажикстан, Түркмөнстан, Кыргызстанда мамлекеттик улуттук курулуш толук бүтпөстөн, жолдун башында гана жүрүшөт. Ушул жолдо исламдын коомдогу, мамлекеттеги орду, ролу тууралуу маселе айрыкча азыркы Ооганстандын абалында маанилүү болуп турат.

Тактап айтканда, диалог аркылуу жарандардын мамлекетке болгон ишенимин жогорулатуу, түрдүү диний топторду, атеисттерди, светтик көз караштагыларды мамлекеттин жана эгемендиктин алкагында бириктирүүчү фактор Борбор Азияга керек болуп турат", - дейт Маликов. 

Булак: NazarNews.kg

Последние новости