www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Шоумен, актёр Кадыр Жарматов жубайы көз жумгандан кийин «жумушка чыкпай коё турбайсыңбы?» дегендер болуп жатканын айтып, аларга төмөндөгүдөй кайрылуу жасаган:

«Жарым жыл коё турбайсыңбы», –  дегендер да жок эмес. «Болду эми ишти башта» дегендер да көп. Бүгүн Каныкейимдин өткөнүнө 52 күн болуп куран багыштадым. Артымда 4 балам мени карап турат. Ошолордун келечеги үчүн көп мээнет, көп аракет кылышым керек. Жашоо али алдыда. Машакаттуу күндөр да күтүп турат. Кусалык эми башталат…

Кыскасы белди бекем бууп жумушумду баштадым. «Коё тур» дегендер силер менин дасторконума нан салып бербейсиңер! Жашоо биздики. Ар ким өзүнүн жашоосун ойлосун. Кыскасы мен баарыңыздарга жакшылык каалайм. Тойго чакырыңыздар кызматты чын жүрөктөн кылып берем», – дейт ал өз сөзүндө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости