www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

900 кишиге мөөнөтү өткөн вакцина сайылганы аныкталды

Нью-Йоркто 900дөй адамга коронавируска каршы Pfizer жана BioNTech компаниялары иштеп чыккан вакциналар мөөнөтүнөн өткөндө сайылып калгандыгын New York Post басылмасы жазды.

Бейтаптарга окуя тууралуу Таймс-сквердеги эмдөө пунктунун оператору Давид Савицкий маалымдаган. Ал эмдөөдөн өткөн 899 адамга электрондук кат жөнөткөн.

Вакцина бейтаптарга сайылгандан кийин гана муздаткычта туруу мөөнөтү өтүп кеткени аныкталган.

Адис мындай эмдөө адамдардын ден соолугуна зыяны жоктугун билдирип, вакцина алгандарга кайрадан эмдөөдөн өтүүнү сунуштаган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости