www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Ачыгын эле айтып койсок жубарымбек болуп калбайбыз. Анткени туура сөздү кысынбай эле коомчулукка билдирип койгонубуздан бир жерибиз кемип кетпейт. Бешинчи чакырылыштагы депутаттардын ичинен айрымдары кайра парламентке келишти. Бактысы тайкы болуп калгандардын болсо ыргыткан чүкөсү баштагыдай айкүр коно албай калды. Антсе да кээде маанилүү пикирлерин бөлүшүп калышууда.
Жакында Ыргал Кадыралиева “Маралда” баян курду. Көптөгөн көкүрөгүндөгү бугуп жаткан ойлорун шардана кылып алууга жетишти. Кантип Асылбек Жээнбеков менен элдешкени, ыңкылапта эмне иш кылганы, депутат болгондун сырлары туурасында орошон ойлору менен бөлүштү. КСДП нын эртеңкисине да кайдыгер эместигин, азыркы лидери тууралуу ар кандай кептер айтылганын, бирок, партия урап кетпесине ишенерин билдире кетти. Кандай болгон күндө да калыстык иретинде Ыргал айымдын жакшы сапаттарын айтып коюштан алыстабайбыз. Эгерде агасынын “кесепети” тийбесе эл өкүлү болуп жүрө бермек. Ошентсе да келечекте Кадыралиевага окшогон акыл-эстүү, дымактуу айымдар өлкөгө зарыл экенин да кыстара кетели. Ал эми көралбагандар өзүнүн арабасын айдай беришсин. Мышыгын пыш деген эч ким жок.
Булак: "Ачык сөз"