www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
«Экс» деген брондолгон чапанды чечип алгыча АША эсибизди далай оодарат окшоп калды. Артын кынтыксыз жабат деген досу айныды. Ачылса .....өлгөн менен барабар болору чын. Акаевче аялын,бала чакасын ала качып кете койбос... Ошентсе да...КСДП деген тобу бар. Өкүмөт өзүнүкү. Мурдагы «кыйындын» баары эле Сокенин айтканын көнүп, айдаган жагына дароо эле жүрүп кетпес. Ак үйдөн айылга чейин балалаган-желелеген кланы турат. Акматбек Келдибеков Алайдын элин бир ай жол буудурса, АШАнын акчасы Бишкекти бир жыл бакканга жетет. Сегизбаев менен Сүйүнбаевди кызматтан алганы менен УКМКада дагы сексен баласы бар. Исраиловду айдап жибергени менен ИИМдин ичинде жан тарткандары калат. Генпрокурор кебелбей отурат.
Сегизбаевди кызматтан алыптыр - деп семирип, Сүйүнбаевдин түшкөнүнө сүйүнүп жүргөндөр дагы далай машакат бар экенин баамдай элек.Соке кара башынын камын көрүп күзөт кызматындагыларды алмаштырды. Жан таттуу. Бири Түркияга, бири Кытайга барып келгенден кийин кызыктар башталат окшоп калды.
Бийлик талаштан качан кутулар экенбиз. Эки дөө кармашса ортосуна өзүбүз чуркап барып азап тартып жүрөбүз. Чындыгында АША «досун» күч менен апкелип такка мингизди. Экөөнүн ортосунда кандай убада, кандай шерт болгонун билбейбиз. Соке башын эле эмес баарын барымтага коюп келгени эч кимден жашыра албай турган чындык. Алты жыл азабын тарткан эл АШАдан тынч кутулуп, ордуна кандай жол менен келгенине карабай Сооронбайды бел тутуп турса, тигиниси туурадан чыгып, тыңсынат. Кош бийлик жүргөнсүп калды. АША алдатып жиберген киши кейпин кийип досун алкымдаганы турат.
Атамбаев алдаганын да, жаман жакшы иштерин да паламенттин, өкүмөттүн колу менен жасаткан жеткен куу, аферист экенин эл кеч билди. Эми ошол Атамбаевдин жанында жүрүп, ишенимине кирип алдындагы алтын тагын алдап алгандай болуп калган Сооронбайды ким дейбиз? Элдин тагдырын упай ойногондой көргөн экөөнүн кимисине болушасың? Экөө элди жааташтырып жибербейби?
Сезген кишиге келаткан бир чоң кармаш жакындап калды. Караламан эл сай ташындай кулаткан жакка кете берет. Элдик Курултайчылар баштаган, мурда кийин бийликке аралашып, саясатта жүргөндөр, интеллигенциянын көрунүктүү өкүлдөрү,бизнестин билермандары,коомдук уюмдарды башчылары,эл жерим деп күйгөн азаматтар, айрыкча бийликке илинбей жүргөн партлидер аттуулар тезинен тегерек үстөлгө чогулушпаса болбой баратат. Эки достун айынан эл жабыркап калбасын. Ар нерсенин алдын алган жакшы. "Экс"ине да эмкисине да элдин талабы тынчтык экенин түшүндүрүш керек.Элди да сабырдуулукк чакырган оң.
Сөзүмдү, сунушумду: М.Чолпонбаев, Ж.Абдырасулов. М.Иманкулов. Р.Карасартова. Ы.Бекмуратова, У.Кочкоров, А.Мадумаров. Б.Турал. К.Кошалиев. А.Темирбеков. Т.Сариев жана башка саясатчылар колдойт деп ишенемин.
Сиздерди урматтоом менен Кадырбек Керимбаев
Булак: NazarNews.kg