www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Партия-аттуу бандиттик топтордун зыяндуулгун канча какшап далилдесем да карапайым калың эл түшүнбөдү. Саясатка аралашкандар атайын унчугушпайт. Айрыкча Батыш менен АКШнын демократия деген балээсинен дем алып, жем жеп калган кийинки муундагылар. Цивилдүү өлкөлөрдө иштесе да бул ситема кыргыз кыртышына жарабай калды. Акаевден калган кадрлар так ушул партиядан партияга секире коюп бүгүнкүгө чейин келатышат. "Алгадан Акжолго, Акжолдон КСДПга аттагандар бийликтин бийик сересиндеги өтө «акылы көптөр»... Башка партиялар бар, аларда деле секиримиш этишип, мандат сатып алышып жүрүшпөйбү. "Бир бол", «Кыргызстан» сыяктууларды көрсөтмөгө атайын кошот. Керек учурда каалагандай пайдаланса болот. Булардын сөзү арык аттап суу кечпейт. Бирок эл көзүнө көп партиялуу парламент экенин көрсөтүп турат. Мындай топко Чудинов, Жумалиев жана акчалуу алып сатар, чайкоочулар кошулуп, кошоматты кош айтып тигилер ыргыткан сөөккө ыраазы. Баса белгилей кетейин партиялар менчик. Сырты демократия, ичи монархия.
Азыр кызматта, саясатта жок АШАны да кутуртуп турган КСДП –деген бандиттик топ. Чыгып жаткан чоң чоң коррупциялык былыктардын башында КСДПнын кыйындары турганын тана алышпайт. Сооронбайды да ушулар «абийир жапкыч» кылганы ажолукка апкелген. "Тазаланабыз",-деп элди дагы алдашат. Саясий кризсизди көрүп турабыз.Мындан чыгуунун бир эле жолу –Конститутциялык реформа.
Бул СИСТЕМА-КОРРУПЦИЯЛЫК СХЕМА
Калган сөздү жаңы Конститутция долбоорун сунуштап жүргөн таанымал саясатчылар М.Чолпонбаев.М.Иманкулов.К.Осмонов.Б.Абдырасулов сыяктуу аксакалдар улантса деген ойдомун. "Макул эмесмин" кыймылын башында турган Мадумаров А.К. үн кошоруна ишенемин. Улуу Курултай -бийликте элдин көзөмөлүн орнотууга калайык калктын башын кошсо экен деп тилеймин.
Кадырбек Керимбаев
Булак: NazarNews.kg