www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Жогорку Кеңештин депутаты Каныбек Иманалиевдин мигранттарга жазылган ыры боюнча жазганымды окуп, алкагандар да болду ашата сөккөндөр да чыкты. Эл деген эл, бирөөнө суу, бирөөнө уу жагат. Каныбек бир эки жыл мурда жазганда кубаттайт элем. Бирок быйылкы шайлоодо аларды адам катары санабай, ызалантып койгондо мен да кошо ызалангам. Ырды окуп алып жиним келди. Аларды азапка салган бийлик жөнүндө бир сөз жок. Кылган иштерин айтып мазактактаганын кантейин. Андай эле мигранттар үчүн күйүп-бышса акынга сөз табылат эле го. Жок көчө шыпырганын, ат бакканын ит бакканын чукуйт. Өзү асты толо кен, үстү жемиштүү Ала-Тоодо, бир ууч элин жумуш менен камсыздап, өнүгүп-өсөр жолун таап бере албай тентитип жиберген бийликтин өкүлү Акаевдин тушунан бери бийликке илээшип келе жатат, дагы эле жүрө берет. Мандат “мандарин” саткандай эле сатылып жатканда баасына чыдаган Каныбектер ала берет.Чыныгы билимдүү,эл журт үчүн иштеп бере тургандар камакта, куугунтукта же акчасы жок.
Өткөн шайлоонун алдында Садыр Жапаров менен Адахан Мадумаровду ачык колдоп чыккан мигранттардан бийлик чоочуп калды. Качан, кайсы президент жаңы жыл же башка майрамда куттуктап, кайрылуу менен чыкты эле. Иманалиев депутат ыр менен Сооронбай ажо бир сыр менен неге кайрылып калышты? Демек бир «сыр» бар. Өлкөнүн ичиндегилер кимдин-ким экенин билебиз. Сырттагыларга быйыл «Алдар көсөөнүн алдооч баштыгын» көтөргөн десант жөнөтүшү ыктымал, анандагы бүгүнкү «Мен макул эмесмин» кыймылынын негизги күчү мигранттар болуп турат. Алардын арасына да чаң салып, бөлүп жара турган аракеттин башталышы ушул кайрылуулар десеңер болот.
Каныбектер ЖоКеде толтура. Булардан бийлик системасын өзгөртпөй кутула албайбыз. “Маакул эместерге” кошулуп кол топтоого чакырам! Мен жашы жетимишке келген кишимин. Бийлик, байлыктын кереги жок. Бир Каныбек эмес жүзгө жакын саясатчыга азил жазгам. Камап салса ошо жакта жатып алып жазам. Кыргыз эли улут катары Мекендин ээси болуп, салт-санаасы, үрп-адаты, нарк-насили менен тилин сактап, дилин булгабай өнүгүп өскөн жолуна түшкөнүн көрүп өлсөм арманым жок!
Кадырбек Керимбаев
Булак: NazarNews.kg