www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кафе, ресторандар качан иштеп баштайт? Мэриянын жообу

Бишкек шаарынын мэриясынын жыйындар залында мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев ишкерлер, ресторан бизнесинин өкүлдөрү менен жолукту. Бул тууралуу мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Жолугушууда шаардагы эпидемиологиялык кырдаалды жана коомдук тамактануучу жайлардын, кафелердин, ресторандардын жана банкет залдарынын коопсуз иштешинине мүмкүн болгон алгоритмдер талкууланды.

Банкеттик ресторандар жана иш-чараларды уюштуруучулар ассоциациясынын төрагасы Муратбек Арыстанов ишкерлердин банктарга ири карыздары бар экендигин, алар салык төлөшү керек экендигин билдирип, банкет залдарын текшерүү боюнча жумушчу топ түзүүнү сунуш кылды.

Мэрдин милдетин аткаруучу Балбак Түлөбаев ишкерлердин сунушун колдоду, ишкерлер коопсуз ишти уюштурууга жоопкерчиликтүү мамиле жасаса, муниципалитет ресторан бизнесине жардам берүүгө даяр экендигин белгиледи.

Түлөбаев жумушчу топ түзүп, 10 күндүн ичинде банкет залдарынын иштөө шарттарын текшерип чыгууну тапшырды. Топтун төрайымы болуп социалдык маселелер боюнча вице-мэр Айжан Чыныбаева дайындалды, топтун курамына ишкерлер, рестораторлор, райондук акимиаттардын, санитардык-экологиялык инспекциянын ИИБдин, мамлекеттик санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл борборунун өкүлдөрү жана көз карандысыз эксперттер киришет.

«Биринчиден, ресторандын иштөө алгоритмин жаңыртуу зарыл: милдеттүү түрдө кирүү фильтрлери, кызматкерлердин ден-соолугуна туруктуу көзөмөл жүргүзүү, ПЦР-тестирлөөсү, жайларды зоналарга бөлүштүрүү жана башкалар. Биз пандемия шарттарында жашоону жана шаардын экономикасын сактап калууну үйрөнүшүбүз керек», - деди Түлөбаев.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости