www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КРнын Финансы полициясы сот тутумунун, Мамлекеттик каттоо кызматынын жана башка жетекчилер катышкан коррупциялык схеманы аныктап, бөгөттөдү. Бул тууралуу бүгүн, 12-ноябрда КРнын Өкмөтүнө караштуу Экономикалык кылмыштарга каршы күрөшүү мамлекеттик кызматынын басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка караганда, тергөөнүн жүрүшүндө 2016-жылы айрым адамдар (кылмыштуу элементтер) материалдык пайда көрүү максатында, өз байланыштарын пайдаланып, КРнын президентинин аппаратынын кызмат адамдары, КРнын Өкмөтүнө караштуу Мамлекеттик каттоо кызматынын жетекчилиги, ошондой эле айрым судьялар жана сот тутумунун кызматкерлери тарабынан “Г.Э.” ЖЧКнын кызыкчылыгын көздөп, сот иштерин жана сот чечимдерин жасалмалоо жолу менен М.Бакиевдин филиалдарына таандык мүлктөн камакка алууну мыйзамсыз алып салышкан.

Бул факты боюнча Кыргыз Республикасынын Жазык кодексинин 319-беренесинин 1-бөлүгү (коррупция) менен каралган белги боюнча кылмыш иши козголгон.

Үстүбүздөгү жылдын 11-ноябрында, коррупцияга шектелип тергелип жаткан кылмыш ишинин алкагында Бишкек шаардык сотунун жарандык иштер боюнча секторунун башчысы Ч.С. деген жаран кармалган.

Ошондой эле, коррупцияга шектелип, Бишкек шаарынын райондор аралык сотунун судьясы Ж.Н. кармалган.

Азыркы убакта бул кылмышка тиешеси бар башка жогорку кызмат адамдарынын жүргөн жерин аныктоо боюнча тергөө-ыкчам иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости