www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 12-ноябрда өкмөттүн аппаратынын мурунку башчысы Самат Кылжиев кармалды. Бул тууралуу УКМКнын маалымат кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, кечээ, 11-ноябрда кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилген.

Алар Аскер прокуратурасынын жана УКМКнын Коррупцияга каршы күрөшүү кызматынын ведомстволор аралык тергөө-ыкчам тобу айрым мамлекеттик органдардын кызмат адамдары тарабынан радиожыштыктарды сатып алуу жана сатуу боюнча келишим түзүп, аларды пайдалануу үчүн лицензияны кайра тариздөө учурунда коррупция фактысы боюнча сотко чейинки өндүрүштү жүргүзүп жаткандыгын эскеришти.

Белгилей кетсек, буга чейин Самат Кылжиев президенттин м.а. Садыр Жапаровго, Башкы прокурор Курманкул Зулушевге жана УКМКнын башчысы Камчыбек Ташиевге расмий кайрылып, радиожыштыктар боюнча тергөө ишин тездетүүнү өтүнгөн.

Радио жыштыктарды сатуу боюнча чуулгандуу окуя бул боюнча  бир нече кылмыш иштери козголгондон кийин белгилүү болгон. Бул боюнча мамлекеттик байланыш агенттигинин мурдагы жетекчилигине жана УКМК кызматкерлерине айып тагылган.

Тергөөнүн версиясы боюнча, Мамлекеттик байланыш агенттигинин жетекчилиги уюлдук байланыш оператору жана Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин жооптуу кызматкерлери менен сүйлөшүп алып, байланыш операторунун лицензиясын кайра каттап, мыйзамдарды бузган.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости