www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы президент Курманбек Бакиевдин уулу Максим Бакиев менен байланышта болгон адамдарга тиешелүү мүлктү камактан мыйзамсыз чыгарган деген шек менен Бишкек шаарынын район аралык сотунун судьясы жана дагы бир сот кызматкери кармалды. Бул тууралуу 12-ноябрда Экономикалык кылмыштарга каршы күрөш боюнча мамлекеттик кызмат (Финансы полициясы) кабарлады.

Мекеменин маалыматына караганда, сот системасынын, Мамлекеттик каттоо кызматынын жана башка мекемелердин жетекчи кызматкерлери тартылган коррупциялык схема аныкталды.

Финполдун басма сөз кызматы тергөө материалдарына таянып билдиргендей, 2016-жылы айрым адамдар киреше алуу максатында өз байланыштарын пайдаланып, президенттик аппараттын, Мамлекеттик каттоо кызматынын, сот органдарынын өкүлдөрү менен туруктуу байланыш түзүп алышкан. Алар сот иштерин жана сот чечимдерин жасалмалап, «Г.Э.» ишканасынын кызыкчылыгын көздөп, Максим Бакиев менен байланышы бар адамдардын мүлкүн камактан мыйзамсыз чыгарган.

Факт боюнча Жазык кодексинин «Коррупция» беренесинин негизинде кылмыш иши козголуп, Бишкек шаардык сотунун жарандык иштер боюнча сектор башчысы жана Бишкектин район аралык сотунун судьясы кармалды.

Кылмышка байланыштуу шек саналып жаткан тарап азырынча комментарий бере элек.

Эске салсак, мурдагы президент Курманбек Бакиев 2010-жылдын 7-апрелиндеги окуядан кийин өлкөдөн чыгып кеткен. Кийин ал 30 жылга, кенже уулу Максим Бакиев бир нече кылмыш үчүн өмүрүнүн аягына чейин сыртынан соттолгон. 

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости