www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Бүгүн, 12-ноябрда мурдагы депутат Садык Шер-Нияз расмий түрдө президенттикке талапкерлигин койду.

Ал Борбордук шайлоо комиссиясына барып, арыз жазып чыккандан кийин журналисттердин суроолоруна жооп берди.

Анын жүрүшүндө Садык Шер-Нияз бир гана учурда Садыр Жапаров менен биригерин, эгерде ага макул болбосо, анда шайлоонун акырына чейин барарын билдирди.

«Мен бир гана учурда кошулам, эгерде Садыр Жапаров парламентаризм үчүн күрөшөм, шайлоо босогосун 1 пайызга түшүрөм, сотторду көз карандысыз кылганга башымды сайып иштейм десе, анда мен Садыр Жапаровдун жанына барып, найза көтөрүп турам. Идея үчүн. Мен кызмат үчүн жүргөн адам эмесмин. Өмүр бою идея үчүн кызмат кылган адаммын. Эгерде, жок, мен өзүмдүн принципиалдуу багытым бар, мен ошол менен жүрөм десе, анда эч нерсе мени жолдон кайрый албайт. Эч бир авторитеттер», - деди Садык Шер-Нияз.

Булак:NazarNews.kg

Последние новости