www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Коронавирус инфекциясынын жайылышын алдын алуу үчүн кафе, ресторан жана башка эс алуучу жайларында рейддерди күчөтүү керек. Бул тууралуу Республикалык ыкчам штабдын кезектеги жыйынында вице-премьер Алмазбек Баатырбеков билдирди.

"Көп киши катышкан майрамдык салтанаттарды өткөрүүгө, түнкү клубдардын иштөөсүнө тыюу салынган. Бирок тойканаларда үй-бүлөлүк мааракелер өтүп жатат. Көпчүлүк коронавирусту тойлордон, куран окутуу иш-чараларынан жугузуп алууда. Ошондуктан жергиликтүү бийлик жана укук коргоо органдары көзөмөлдү катуулатышы шарт", - деди Баатырбеков.

Буга чейин борбор калаада санитардык талаптарды бузган бир катар жайлар жабылган. Алар эпидемиологиялык абал турукташканча ачылбайт.

Ошондой эле өлкөнүн айрым облустарындагы эпидемиологиялык абалды жакшыртуу боюнча  маселелер талкууланды.

Булак: NazarNews.kg
 

Последние новости