www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Токмок шаарында кафеге ууруга кирген жаран мас болуп, диванда уктап калган. Бул тууралуу Чүй ОИИБден билдиришти.

Маалыматка караганда, Токмок ШИИБге 1993-жылы туулган жаран арыз менен кайрылып, 9-мартта «Бакыт» кафесинин терезесинен кирип, баалуу буюмдарды уурдоого аракет кылган жаранга чара көрүүнү суранган. Шектүү видеокамералардын процессорун талкалап, алкоголдук ичимдиктерди ичкен. Ошентип 150 миң сом өлчөмүндө материалдык зыян келтирилген.

Аталган факты боюнча уурулук кылууга аракет кылуу жана бирөөнүн мүлкүн жок кылуу беренеси менен кылмыш иши козголгон.

Териштирүү учурунда төмөнкүлөр аныкталган. 9-мартка караган түнү «Бакыт» кафесинин сигналдык белгиси иштеп, күзөтчүлөр барган. Кароо учурунда короодо курулуш шаймандары, идиш-аяктар, бир жерге топтолгонун, андан соң терезенин сынганын көрүшкөн. Алар кафенин ээсин күтүп, ичине киришкен. Залга кирип, диванда мас абалында жаткан эркек кишини табышкан. 

10-мартта 1984-жылы туулган, мурда соттолгон жаран кармалып, камакка алынган. Тергөө уланууда.

Последние новости