www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Херсон облусунда Каховка ГЭСинин бузулушунан улам каза тапкандардын саны 35 адамга чыкты. Бул туурасында РИА Новости аймактын өкмөт башчысы Андрей Алексеенконун айтканын таянып билдирди.
"Тилекке каршы, каза тапкандардын саны 35ке жетти", — деп кабарлаган ал.
Алексеенко адистер үймө-үй кыдырып, андан сырткары, жардыруудан улам үч райондогу суу каптоонун кесепетин жоюу боюнча иштерди жүргүзүп жатканын билдирди.
Ветеринарлар менен атайын бригадалар кырылган миңден ашык малдын өлүгүн чогултуп жок кылышканын айтты. Жандыктардын өлүгү ошол жерде эле өрттөлүп жатат. Инфекция аралап кетпеши үчүн үй жандыктарга вакцина сайылууда.
Өкмөт башчысы Россиянын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин техникасынын жардамы менен көчөлөрдү, ар кыл объектилерди жана мүрзөлөрдү дезинфекция кылып жатышканын айткан. Анын маалыматына караганда, Жаңы Каховка округунда трансформатордук бардык подстанцияларды калыбына келтиришкен. Алешковскиде төрт, Голопристанскиде үч подстанция ишке кирди. Суудан арылып, тоборсуп калган үйлөр менен объектилерге коопсуздугуна карап, акырындап электр кубатын бере башташты.
2023-жылы 6-июнга караган түнү украин армиясы Каховка ГЭСинин жогорку бөлүгүн "Ольха" залптык оттун реактивдүү тутуму менен аткылаган, анын кесепетинен тээктер жабыркап, бирок дамбанын өзү аман калган. Аймактагы суу баскан округдардан 4,3 миңге чукул адам эвакуацияланган.
Россиянын коргоо министри Сергей Шойгу Каховка ГЭСин Киев режими аскерлерди Херсон багытынан чабуул коюуну пландаган районго которуу үчүн жардырганын белгилеген.
Владимир Путин бул окуяны украин бийлигинин варвардык акциясы экенин жана масштабдуу экологиялык жана гуманитардык кыйроого алып келгенин белгиледи.
Тергөө комитети аталган факт боюнча иш козгоп, тергөө иштерин баштаган.
Каховка ГЭСи — Днепрдеги гидроэлектр станцияларынын каскадындагы алтынчы тепкич, Херсондогу Жаңы Каховка шаарынан беш чакырым аралыкта жайгашкан. Анын кыйроосу миңдеген адамдын өлүмүн шарттайт. Жаңы Каховка 2022-жылы 30-сентябрда жалпы элдик добуш берүүнүн жыйынтыгы менен Россияга кирген Херсон облусунда жайгашкан.
Булак: NazarNews.kg