www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

КСДП фракциясынын депутаты Ирина Карамушкина "Азаттык" радиосуна комментарий берип жатып, Украина президенти Петр Порошенконун жарлыгы тууралуу минтип айта кетиптир:

- Мен Порошенконун аракетинен көңүлүм калды. Мындай аракет менен ал өлкөсүнө, элине карата жылуу мамилени жок кылып жатат. Мыйзамга каршы келген эч кандай кадам жасаган жокмун. Марат Аманкулов экөөбүз Украинаны шылдыңдаган, кадыр-баркына шек келтирген билдирүү жасаган жокпуз. Ал жакта жөнөкөй эл менен базардан, көчөдөн жолугуп кандай ойдо экенин сурап жаттык. Себеби биз бүгүн Крым кандай жашап жатканын өз көзүбүз менен эле көрөлү дегенбиз. Биз бул сапарды жашырган деле эмеспиз.

Эскерте кетсек, Ирина Карамушкина менен Марат Аманкулов жарым аралга жеке сапары менен барышып, чыгымды Марат мырза каржылаганын билдиришкен. Карамушкина Крымдан сүрөткө түшүп, ага: "Кыргыз депутаттары Крымда болду. Демек, Крым – биздики дагы” деп жазып, Фейсбуктагы баракчасына коюп, сынга катуу алынган.

Булак: «NazarNews.kg»

Последние новости