www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
Фейсбук социалдык тармагынын “Билип ал” баракчасы Фарид Ниязовдун кылыктары тууралуу билдирүү жазып чыкты.
“Кайран Фарид тиги жакта да жөн жатпай, “жатып өлгүчө, атып өл” болуп, ар кандай кайрылуулардын сериясын бириндеп бүткөн КСДП аркылуу жиберип коюп жатат.
Эми кечээ жакында эле болуп өткөн Кой-Таш окуясын “эң эле ыплас, эң эле уятсыз чайкоочулук” деп баалап, элдин башын айландырганын улантыптыр. Элдин башын айлантып, эки анжы ойдо калтырууга маш болуп калган жаны окуяны бир сыйра эске салып, калпты чындай, болбогонду болгондой кылып койгулаштырган. Бекеринен АШАнын башкы идеологу болуп жүргөн эмес да. А кишинин башын дагы ушинтип, сабаттуу, акылдуу көрүнгөн сөздөрү менен айландырганын элдин баары айтып жүрүшөт.
Бир капталынан жиреп жүргөн шоопур экөөлөп АША кургурду туура эмес жол менен бастырып, аңга түртүшкөн. Элдин үнү Ак үйгө жеткени менен АШАга жетпегенине мына дал ушул эки идеолог сөрөй күнөөлүү. Муну “темирди кызуусунда чаба албаган” парламенттин депутаттары ошол эле Момбеков менен Строковалар айтып жүрүшпөйбү ар жерде. Бул сөздү жада калса АШАнын бетине да айтышкан. Жогорку Кеңештин депутаты деген бийик наам менен, АШАнын эң жакындары деп саналган абройлору менен булар кире албай калганын ойлоп көрүңүз. Демек, бул эки эргул АШАнын болгон баскан-турганын, ой-туюмун шайтандай эле ээлеп алган тура.
Фарид акыркы билдирүүсүндө факт ушундай бир өжөр оокат деп келип, Опумбаевди опузалап, чындыкка дал келбеген, бирок адатынча элдин башын айлаткан жагдайларды тизмектеген экен.
“Өз башындагы төөнү көрбөй, бирөөнүн башындагы чөптү көрөт” деген фактыдан да жогору турган накыл кеп бар, урматтуу Фарид мырза. АШАны ушундай абалга алып келген дал өзүң эмессиңби?
Дал ушул сен болбогонуңда АШАнын учурундагы жөнү жок камоолор болбойт эле. Дал ушул сен болбогонуңда парламенттин деңгээли мынча түшпөйт эле. Анткени АШАга элде болуп жаткан жагдайларды бетке айтууга келген депутаттарды ар нерселерди айтып шылтоолобой киргизгениңде элдин үнү президентке жетет болчу.
Дал ушул сен болбогонуңда “Вечерний Бишкек” баштаган гезиттерге басым болбойт эле. Себеби, өзүңдү укмуш идеолог сезип жатып, гезиттердеги ачуу чындыктарга теригип, алардан өч алуунун жолуна түштүң.
Мындай фактыларды санай берсе чыга берет, урматтуу идеолог мырза. Кыскасы дал ушул сендей адамдар падышаларга чап кенедей жабышып алып, жеке кызыкчылыктары менен мамлекеттин кызыкчылыктарын ботко кылып аралаштырганынан улам өлкөбүз оңоло албай келет!”
Булак: NazarNews.kg