www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg
СДПК Сооронбай Жээнбековдун талапкерлигин көрсөткөндөн бери ар ким ал жөнүндө ой-пикирин айтып, жаза баштады. Фейсбукка Кайрат Абаев мындай деп жазган:
«Президенттике Өмүрбек Текебаев гана татыктуу. Ал бай эмес, бирок мамлекеттик түзүлүш тууралуу, мамлекеттик башкаруу, эл аралык дипломатия тууралуу тажрыйбасы абдан мол!
Текебаевден башкасы Сооронбай Жээнбеков, Өмүрбек Бабанов, Темир Сариев, Сапар Исаков же дагы бир чиновник президент болуп калса, анда биздин жашообуз ушул ордунда токтоп тура берет же артка кетет. Мага ишенип койгула. Биринчиден, алар Текебаевдей таза эмес, экинчиден, президенттик шайлоого кетирген акчасын топтогуча, туугандарын бутуна тургузганча эле убакыт өтөт. Текебаевден башкасы баары эң бийик кызмат болгон премьер-министрлик кызматты аркалап көрүштү. Бирок, жыргаткан жок, жыргатса жыргайт элек го? Ошондуктан жердешчиликти, тууганчылыкты, акчаны унута тургула! Биринчи орунга Кыргызстандын келечегин койгула! Эгер силер жаңылсаңар ата бабабыздын арбагы кечирбейт!»
Булак: «NazarNews.kg»