www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо күнү белгиленгенден кийин, партияларга катышуу жөнүндө БШКга билдирүү жөнөтүү үчүн үч күн берилет. Бул тууралуу журналисттерге шайлоо комиссиясынын мүчөсү Кайрат Осмоналиев билдирди.

Осмоналиевдин айтымында, үгүт өнөктүгү графиктен эрте өткөрүлө тургандыгына байланыштуу, тапшыруу мөөнөтү үчтөн бирине кыскарган. «Ошондой эле парламенттик жана президенттик шайлоолорду бириктирип, бир күндө өткөрсө болот деген пикирлер бар. Бирок кандай болгон күндө дагы, биз ушул пункттардын бардыгын БШКнын мүчөлөрү менен талкуулайбыз», – деди Кайрат Осмоналиев.

“Президенттик шайлоонун датасы Жогорку Кеңеш тарабынан жарыяланат. Депутаттар муну учурдагы жуманын ичинде жасай алышат. 6-ноябрга чейин убакыт бар”, – деп кошумчалады ал.

Эске салсак, 5-октябрда Бишкекте массалык нааразычылыктар жана баш аламандыктар башталгандан кийин БШК шайлоонун жыйынтыгын жараксыз деп табууга аргасыз болгон. Элдин кыжырдануусунан улам, өлкөдө өкмөт алмашты – Президент Сооронбай Жээнбеков кызматтан кетүүгө аргасыз болду.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости