www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Кайрат Осмоналиев:

Борбордук шайлоо комиссияссынын мүчөсү Кайрат Осмоналиевдин айтуусунда шайлоо күнү хаккердик чабуул болушу мүмкүн экенин ЖМКлардын бирирне берген маегинде билдирди. 

"Ар кандай коркунучтар бар. Мисалы, 2017-жылкы президенттик шайлоо күнү болжол менен 40 миңдей хакердик чабуул болгон. Бирок система ага туруштук берген. Эртеңки шайлоодо дагы чабуул болбой койбойт, болот. Биз аны күтөбүз. Системабыз заманбап, аны тестирлөөдөн өткөрүп жатабыз, андай чабуулдарга каршы тура алат деп ойлойм", — деди Осмоналиев.

Кайрат Осмоналиев ошондой эле Боршайком шайлоого даяр экенин кошумчалады. Ар кандай кокустуктардын жана коркунучтардын алдын алуу максатында ар бир участокторго кошумча интернет модеми, электр энергиясын чыгарып берүүчү генераторлор жеткирилген.

Эске сала кетсек, Кыргызстанда парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген. Ага 16 партия катышып жатат.

Булак: NazarNews.kg

 

Последние новости