www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

СССРдин учурунда 1986-жылы 26-апрелде ал кездеги Украина советтик социалисттик республикасынын Чернобыль шаарында жайгашкан атом электр станциясы жарылып, анын кесепети миңдеген адамдарга тийгендиги баарыңыздарга эле маалым болсо керек. Учурда ошол кырсыктын кесепеттерин басууга барышкан кыргызстандыктардын саны жыл сайын азайып бара жатканын баса белгилеп кетмекчибиз. Биздин бүгүнкү каарманыбыз - Кайратбек Эралиев элге кайгы алып келген ошол каргашалуу кырсыктын кесепеттерин калыбына келтирүүгө катышкан эр-азаматтардын бири катары төмөндөгүдөй маек куруп берген эле. 

--Кайратбек мырза, алгач өзүңүздүн кесибиңиз тууралуу айтып берсеңиз? 

--Мен өзүм негизи куруучулук кесипти аркалап келдим. Аскерге барганга чейин механизатор болуп иштедим. Кочкор районундагы №15-кесиптик-техникалык окуу жайын бүткөм. Андан кийин аскерге чакырылдым. Аскерге барганда куруучу батальонго туш келдим. Мөөнөтүм аяктаганда БАМды курууга катышып, Устинин деген шаарда Кыргызстандын атын таанытып “Чагылган” деген бригаданы жетектеп үч жыл иштедим. Ал жакта жүргөнүбүздө  "Известия” гезитинен  Кыргызстанда ири курулушка чакыруу болуп жаткандыгы тууралуу  маалыматты окуп калдык. Ошондо “бөлөк элде жүргүчө өз элибизге кызмат кылалы”  деп эл-журтубузга кайтып келгенбиз.  Казармандагы алтын кен комбинатында  жогоруда аталган бригадам менен жети жыл бирге иштедим. Ал жакта бала-бакча, меймана сыяктуу көптөгөн обьектилерди курдук.

Учурунда  жакшы эмгектенип жүрдүк. Казарманда жүргөндө “Кыргыз ССРинин мыкты куруучусу” деген грамотаны алдым. Анда  Кыргызстан коммунисттик партиясынын биринчи секретарь Абсамат Масалиев эле. 1986-жылы 26-апрелде Украинанын Чернобыль шаарындагы атом электр станциясы (ЧАЭС) жарылгандыгы тууралуу маалымат келгенде бизди “алты айга сборго барасыңар” деп Фрунзеге жөнөтүштү. Тогуз-Торо районунун аскер комиссары биздин бригадабыз жакшы иштей тургандыгы тууралуу маалыматты кадрлар бөлүмүнүн башчысынан алган экен.

Борборго келгенден кийин Кой-Таш айылында бир түнөдүк. Ошол учурда баарыбыздын аскердик билеттерибизди алып коюшкан эле. Поездге отурганыбызда Россияга барарыбызды айтышты. Россияга барганда Москва облусунун Подольск шаарында резервде турдук. Эки айдан кийин Чернобылга жөнөдүк. 

--Ал убакта жашыраак кезиңиз болсо керек? 

--Анда 32 жашта болчумун. Салмагым 110 килограммга чейин эле. Чернобылда уран бар экенин билген эмеспиз. Ал жерде электр энергиясын иштеткен 4-блоктогу реактор жарылып кетиптир. Баргандан кийин ууланган шаардан 30 километр алыстыкта жайгашкан интернатта жашадык. Күнүгө эртең менен жумушка алып кетишчү. Алгач 3 мүнөттөн иштеп жүрдүк. Ошондо күнүгө 5-6 миңден адам улам смен алмашып иштеп жатты. Азыр аты-жөнүн эстей албай жатам. Башкы инженер болуп иштеген орус улутундагы бир киши:

Мунун мөөнөтү бүттү. Жарылып кетпесин!” деп алдын ала эскертсе анын сөзүн укпай коюшуптур. “9-майдан кийин керектүү тетикти алмаштырабыз” деп. Көрсө электр энергиясын иштеп чыгарган көлөмү таблеткадай болгон уран 50 жыл тынымсыз колдонулган экен. Ошол уран керектен чыкканда станция жарылып жатпайбы. Эгер баягы инженердин сөзүн угуп уранды эртерээк алмаштырышканда кырсыктын алдын алышмак экен. 

--Кыргызстандан кырсыктын кесепетин жоюуга Чернобылга  канча адам барган экен? 

--Кыргызстандан 10 миңдей адам барган экен. Учурда бул апааттын катышуучуларынан 1300 эле адам калыптырбыз. Менин биргадамдагы 18 адамдан таластык Жекшен Жаныкулов деген жигит экөөбүз эле калдык Ал дагы 2-топтогу майып. Жаш кезиңде радиациянын кесепетин билбейт экенсиң... 

--Ден-соолугуңар тууралуу маалымат алып туруш үчүн жумушчуларга атайын аппарат беришсе керек... 

--Кулакка “наушник” сыяктуу аппарат тагып коюшчу. Ал аппараттан иштегенибизге 3 мүнөт болгондо башка бригада келээри тууралуу маалымат берип турушчу. Радиацияга иштеп жатканда туруштук бере турган чынжырды мойнубузга тагып, үстүбүздөгү кийимге ручкага окшогон апппаратты байлап алчубуз. Убакыт бүтүп иштен чыгып келатканда ал аппаратты светке сайып текшеришчү. Аппарат рентгендин ролун аткарчу. Ошондо денеге канчалык өлчөмдө  радиация өткөнүн атайын журналга белгилеп турушчу.

Мисалы:001, 002 деп улам көбөйө баштайт. Качан 20дан өткөндө гана жумушчуларды биротоло бошотушчу. Бир жолу мен 1ден ашык өлчөм менен чыкканымда үч күн эс алдырышты. Бир күнү:

“Элиңерге кетүүнү каалайсыңарбы?” дешти. Сүйүнүп кетип “ооба” деп ошол замат жооп бердик. Бирок картадан биздин республикадагы уран кендери жайгашкан  Миң-Куш, Майлы-Сай, Кажы-Сай шаарчаларын көрүшүп, башкаларга салыштырмалуу биздин радиацияга бир топ туруштук бере аларыбызды билишкенден кийин штабдын начальниги Камышев:

“Эми бир жума иштеп бергиле. Мынча болду эми баатырлыкты көрсөткүлө!” деп суранып калды. Анын өтүнүчүн аткарып дагы иштеп бердик. Жерибизге кете турган учур келгенде кийимдерди чечип текшерилгенде мендеги радиациянын өлчөмү 14,3 болгонун айтышты. Москвадан кийин архивден радиациянын өлчөмү 4,3 экендиги тууралуу справка келген. Ошондо өз учурунда так аныктап беришпегенине таң калдым. Балким баарыбызды алдап коюштубу?.. Азыркы кезге чейин белгисиз... Жерибизге кайтарда Япониянын врачы:

“Барганда эле пенсияга чыккыла” деп айткан. “Нормалдуу жүрсөк эмнеге иштебешибиз керек? “ деген ой келгендиктен,  мен өз жерибизге келгенде  1994-жылга чейин иштедим. 

--Учурда ден-соолугуңуз кандай? 

--Жакшы эмес... Сөөктөрүм ийне менен сайгылагандай жылдыз толгондо какшап ооруйт. Кайсы сөөгүң ооруп жатканы да билинбейт. Алгач 3-топтогу майып болсом, 2002-жылдан тарта  өмүр бою 2-топтогу майып болуп калдым. Ооруп калганда кээде узак убакытка чейин жатып калам. Тишимдин баары оорубай эле түшүп калды. Убактылуу ооруну басаңдата турган дарыларды ичемин. Ысыкка көп чыдай албаймын.  Урандын жаман жери ден-соолукту билгизбей алат экен.  Эмгек китепчеме жазылган иш стажым боюнча 6000 миң сом пенсия, майыптыкка байланыштуу 7000 сом пособие алам.  

Союз учурунда бизге жакшы көңүл бурулчу. Көптөгөн жеңилдиктер бар эле. Курортко  жолдомо беришчү. Дарылар бекер болчу. Бакиев бардык жеңилдиктердин баарын алып салып, 7000сом пособие эле берилип калды. Үй-бүлөм тууралуу айтсам: жубайым Света экөөбүз үч уул, бир кыздын ата-энесибиз.

--Маек соңунда урандын кесепети тууралуу эмне демекчисиз? 

--Кыргызстанда уран кенин эч ачпаш керек.  Бизде ансыз деле урандын мурда иштетилип, кийин толук көмүлбөй калган калдыктары бар. Уран адамдын организминде алгач гемоглабинди жок кылат экен.  Кыргыздар  байыртадан өзүнүн табигатын сактап келген да. Менин сүйүнгөнүм - биздин мамлекетте ГЭСтердин бар экендиги.  Андыктан Чернобыль окуясы  баарыбызга сабак болушу керек. Мамлекет элдин ден-соолугун биринчи орунга коюшу керек! 

Булак: Нурислам КАБАКБЕКОВ, NazarNews.kg

Последние новости