www.NazarNews.kg NazarNews - дүйнө назарында! www.NazarNews.kg NazarNews - в центре мирового внимания! www.NazarNews.kg NazarNews - ترى العالم في عينيك www.NazarNews.kg NazarNews - 你眼中的世界! www.NazarNews.kg NazarNews - dünya gözünüzde! www.NazarNews.kg NazarNews - The world in your eyes! www.NazarNews.kg Биздин байланыш: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg Email: [email protected] www.NazarNews.kg WhatsApp кабар: +996 779 028 383 www.NazarNews.kg

Мурдагы президент Алмазбек Атамбаевдин уулу Сейитбек Атамбаевдин акыркы окуялар боюнча кайрылуусун «Апрель» телеканалы сайтына жарыялады.

Анда ал президент Сооронбай Жээнбеков өз кызматынын жоопкерчилигин толук сезбей жатканын айткан. Ошондой эле 13-августта күч түзүмдөрүнүн жетекчилери уюштурган басма сөз жыйынында Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Орозбек Опумбаевдин Алмазбек Атамбаевди «коркок» деп атаганын сынга алган.

«УКМКнын жетекчиси журналисттердин суроолоруна жооп берип жатып, элди «отургузгандан» кийин кызматтан кетерин белгиледи. Бул эмне - өч алуубу же кандайдыр таарынычпы?! Менин оюмча, мамлекеттик кызмат менен жеке мамилелердин ортосунда чек болушу керек. Бизде эмне, 1937-жылбы?! Эмне үчүн бизде мамлекеттин коопсуздугу үчүн жооп берүүчү аткаминер бийликтин өз алдынча бутагы болгон соттун функциясын өзүнө алып алаарын эркин жана ачык айта алат? Эмне үчүн бардык жакта өзүм билемдик орун алды? Эмне үчүн мыйзамсыздыктын учу-кыйыры жок болуп баратат?», - деп айтылат кайрылууда.

УКМКнын жетекчиси Орозбек Опумбаев 13-августта УКМКнын кызматкерлерин сабагандарды мыйзам чегинде түрмөгө отургузгандан кийин кызматын тапшырарын айткан.

Сейитбек Атамбаев 7-8-август күндөрү Кой-Ташта болгон окуялар боюнча Ички иштер министрлигине (ИИМ) сурак берип жатат. ИИМ Сейитбек Атамбаевдин кайнатасынын Бишкектеги үйүн тинтүүдө ага тиешелүү 170 миң сом жана адамдардын аты-жөнү жазылган тизме, ири суммадагы каражат коротулганы тууралуу барактар табылганын жарыялаган, деп "Азаттык" жазып чыкты.

Булак: NazarNews.kg

Последние новости